Сооронбай Жээнбеков: Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, журналисттер жана басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

 «Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!

Маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын,   жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады. 

Сиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңарды кошуп жатасыңар.

Кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келесиздер.

Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат.  Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм.

Өлкөбүздөгү туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз. 

Сиздердин мекенчилдик позицияңыздарга, жогорку чыгармачыл дарамет менен жасаган ишиңиздерге ыраазылык билдирем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!»-деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *