SOS. “Тигүүчүлөр керек” деген жарнамага ишенип Татарстанга барган кыргызстандыктар алдамчылыкка кабылышып, көчөдө калышты

Мезгил. 

Атын  атагысы келбеген аял бизге байланышка чыгып, Мукадас аттуу жакын таанышы Татарстанга жумуш издегени кетип, азыр жумушу да жок, баш калкалаар жайы да жок калганын билдирди. Ал турмак документтериненн да айрылыптыр. Паспорту болгону менен каттоосун алдаган тарап тартып алышыптыр. Кейиштүүсү, мындай абалга он чакты кыргыз мигранттары туш болушуптур.

Биз Мукадаска байланышка чыкканыбызда, ал учурда Казань шаарында экенин билдирди. Жанында дагы алты кыргызстандык бар. Арасында жубайлар да, жалгыз бой  Мукадас сыяктуулар да бар.

“Биз Бишкекте тигүүчү болуп иштечүбүз. Анан Таштанбекова Нуржамал аттуу эже менен байланышып калдык. Жарнама берген экен, Татарстанга тигүүчүлүккө кыздар керек, айлыгы 35 миң рублдан 45 миңге чейин деп. Анда көрсөтүлгөн номерге байланышсак, документтерди өзү жасап берээрин, иш жакшы экенин айтты. Анын сөзүнө ишенип, он адам бул жакка келдик. Азыр жетөбүз иштен кеттик, дагы үч мекендешибиз алардын колунда калышты”, – деди Мукадас.

Баргандардын баарын жумушка Нуржамал   орноштуруп, киши башына 16 миң сомдон чогултуп алган. Ал акчаны жашаган жери, документтери жасатуу сыяктуу чыгымдарга төңкөргөн. А баргандар жол кирелерин өздөрү төлөп барышкан.

“Биз шейшеп чыгаруучу цехке жумушка орноштук. Кыргызстанда иштеген жериңерден жатакана берилет деп айткан болчу, бирок, кадимки эле батирлерге акча төлөп орноштук. Ар бир он беш күн сайын аванс алып турасыңар деген болчу. Иштеп баштаганыбызга он беш күн өткөндөн кийин аванс сурадык. Бирок, ар бирибиздин колубузга миң рублдан эле карматып койду”, – деди Татарстандагы мекендеш.

Андан ары кыргызстандыктар дагы да үмүттүн жетегинде иштөөлөрүн улантыша беришет. Бир ай толук болгондон кийин айлык акы сурашса, жумуш берүүчү тарап бербей коюшат. Жумуш берүүчү тарап менен кыргызстандыктардын ортомчусу Таштанбекова Нуржамал   экенин белгилей кетели. Ал тигүүчүлөрдү коркутуп, “Акча сурай берсеңер, азыр буюмуңарды алып чыгып кеткиле. Каттооңордон да чыгартам, анан документсиз кайда барып иштээр экенсиңер?” – деп оозго алгыс сөздөр менен тилдейт. Айлык берилиши күмөн экенине көздөрү жеткенден кийин чогуу барган он кыргызстандыктын жетөө кетет. Ал эми дагы үчөө балким, бир айда болбосо, кырк беш күндө айлык берип калышаар деген үмүт менен иштей берүүнү туура көрүп, калышкан.

“Азыр мейманканада жашап жатабыз. Эч кайда чыга албайбыз, документибиз жок. Документ болбосо иштин табылышы да кыйын. Иш жок болсо, акча да жок. Жада калса нан алууга чамабыз келбей карайлап отурабыз. Россиядагы тааныштарыбызга кайрылып, жардам сурап көрдүк. Алардын баары эле Кыргызстанга кеткиле, жардам бере албайбыз дешет. А бирок, кетүүгө каражатыбыз жок. Нуржамал эже “кара тизмеге” киргизип койгонун да айтты. Чегарадан бир сом акчаңар жок, каалаганыңардай өткүлө деп койду”, – деди Мукадас.

Ошентип, бир аялдын куру сөзүнө ишенип, аны документ жагынан эч кандай тастыктатпай туруп, Россияга ээрчиген жети кыргызстандыктын же мекенине кайтып келе албай, же иштеген акысын ала албай аргасы түгөнүп жаткан учуру.

“Эмне кылаарыбызды да билбей калдык. Эгер документ жана жашаган жай жактан жардам берчүлөр табылса, атайын келгенге жараша дагы иштеп, акча чогултуп анан кетмекпиз. Балким, бул жактагы мекендештерибизге үнүбүз жетип калабы деп сиздерге кайрылдык”, – деди Мукадас.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *