Мезгил
Ала-Букада сот аткаруучулары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, сот аткаруучулар 67 миң сомго жеткен алиментти төлөөдөн баш тарткан жергиликтүү тургунду Кыргызстандан чыгарууга уруксат берүүнү убадалашкан.
Бул үчүн алар 30 миң сом талап кылышкан. Акчаны алып жаткан жеринен адилет органынын өкүлдөрү колго түштү. Тергөө жүрүүдө.