Сот чечим чыгарды: Адахан Мадумаров эми Мелис Аспековдон кечирим сурайбы?

Мезгил

Мелис Аспеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровду соттон утуп алды.  Мадумаров  “Фейсбук”  аркылуу Аспековдон кечирим сурап жана ага 50 миң сом, мамлекетке 5 миң сом төлөп берет.  Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ал эми Аспековдун айтымында бир жыл мурда ал  Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Адахан Мадумаров “Кадыр-баркыма, абийириме, ар-намысыма шек келтирди” деп кайрылган. Ошондой эле ал ѳзүнүн кадыр баркын 5 миллион сомго баалап, соттон Мадумаровдон аталган сумманы өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

– Канат Исаев менен төңкөрүш жасоого айыпталып камалганыбыздын эртеси Мадумаров “Сентябрь” телеканалынан чыгып мени провокатор деп жаман сөздөрдү айткан. Ошол айтканын “Фейсбуктагы” баракчасына да чыгарган. Сот Мадумаровду менден “Фейсбук” аркылуу кечирим сурасын жана мага 50 миң сом, мамлекетке 5 миң сом төлөп берсин” деген чечим чыгарды-деди Аспеков.

Эске салсак, Аспеков 2017-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалган.

УКМКнын Тергөө башкармалыгы Аспековго Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү (“Массалык башаламандыкка даярдык көрүү”), 27-295-беренелери (“Бийликти күч менен басып алууга даярдануу”) боюнча кылмыш ишин козгоп, натыйжада ал бир жыл, жети айга соттолгон.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *