Сот Кулматов менен Ибраимовдун жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты

Мезгил

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум болду.

Соттук жарыянда айыпталуучулардын жактоочулары ишти карап жаткан судья Касымбековду иштен четтетүү өтүнүчүн келтиришти. Сот кеңешмеге чыгып кетип, эки саатка созулган “тыныгуудан” соӊ жактоочулардын өтүнүчүн четке каккандыгын билдирди.

Ал эми айыпталуучулар иш менен тааныша электигине байланыштуу соттук отурум 27-мартка жылдырылды.

Кулматов менен Ибраимовдун иштери 6-марттан баштап  бириктирилип карала баштаган. Жалпысынан эки мэрдин ишине байланыштуу дагы 15 кишиге айып коюлган.

Соттук отурумга журналисттер, айыпталуучулардын туугандары жана жакындары айрым учурда киргизилбей, нааразылык айтылууда.

Кулматов баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталган. Ал эми Ибраимовго ««Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *