Сот Аскарбек Шадиевдин кызынын мүлктөрүн камактан чыгарды

    Мезгил

Сот мурдагы  биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызынын мүлктөрүн  камактан чыгарды

Сот мурунку качкын биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызынын мүлктөрүн камактан чыгарды.  Бул туурасында күч түзүмдөрүнүн  кызматкерлери билдирди.

 Маалыматка ылайык,  бул чечим боюнча прокурор  Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Эске салсак, Шадиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана акча каражатын мыйзамсыз менчиктештирип алуу беренелери боюнча айып тагылган. Конфискацияланган мүлктүн суммасы 1 миллиард 852 миллион сомду түзгөн.  Аскарбек  Шадиев сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Муну менен бирге мүлкү конфискацияланган..

Сот Шадиевдин эсеп жана банктык ячейкалары аресте калтырган чечимин чыгарган.  “Карвен”, “Боорсок плюс”, “Континентал сервис”, “Аква инвест”,  квартира,  турак жай эмес имарат, авто унаалар жана ТЦ “Ала-Арча” үлүштөрү  өзгөрүүсү жок калтырылды.

Шадиевге 2018-жылдын жай айларында иш козголгон. Айрым маалыматтарга караганда, мурунку аткаминер АКШга качып кеткен.

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *