Сот Садыр Жапаровго мунапыс берүүнү четке каккан чечимин өзгөртүүсүз калтырды

  Мезгил

Бүгүн, 19-августта Чүй облустук сотто Садыр Жапаровдун иши каралды. Анда Чүй облустук соту Аламүдүн райондук сотунун Садыр Жапаровго мунапыс берүүнү четке каккан чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Сот Садыр Жапаровдун ишин кароодо фото, видео тартууга тыюу салды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мунапыс боюнча Садыр Жапаровдун мөөнөтүн кыскартуу сунушун июль айында Аламүдүн райондук сотуна берген. Буга жаңы кодекстер жол ачат — Жапаров соттолгон «өзгөчө оор кылмыш иши» «оор кылмыш иши» деген категорияга алмашкан. Бирок сот сунушту четке каккан. Мындан улам жактоочулар аппеляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылган болчу.

Бүгүн Чүй облустук соту аппеляциялык арызды канааттандырбай, жактоочулар эми Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.

Эске салсак,  Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдогу митингде «бийлик өкүлүн барымтага алууга» күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *