Сотко Кубанычбек Кулматовду Кыргызстандын жарандыгынан ажыратуу боюнча арыз жазылды

Мезгил. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты каттоо Департаментинин өкүлдөрү Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовду Кыргызстандын жарандыгынан ажыратуу боюнча арыз жазышты. Арыз Биринчи май райондук сотуна берилди.

Экс-жетекчининин адвокаты  Сергей Слесарев бул аракетти “нонсенс” деп белгиледи.

“Кулматовдун паспорту мыйзамдуу түрдө алынган, ал жасалма эмес. Анан кандай негизде аны жарандыктан ажыратуу керек?” – деген адвокат экс-жетекчиде Россиянын паспорту жоктугун белгиледи.

“Бирок, доо арызчылар ага карабай эле өздөрүнүн божомолун таңуулап жатышат. Алар анын ID- паспортун жараксыз деп табууну талап кылышууда”, – дейт ал.

Бажы тармагынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун Россиянын да жараны экени тууралуу маалыматтар эчактан бери бар. Бирок, экс-жетекчи ар дайым мындай маалыматтарды четке кагып келген. Ал мектепти аяктап эле Россияга окууга кеткенин, ошону менен бир нече жылдан кийин кайтып келип, орус жарандыгынан баш тартып, кыргыз жарандыгын алганын белгилеген. Айтымында, көп жылдан бери Кыргызстандын гана жараны болуп келет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *