Соц тармактын күчү. Абжалиев бир күн иштеп кызматтан кетти

Мезгил

Президенттин кудасы жана Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууган агасы  Ыктыярбек  Абжалиев «Альфа Телеком» ЖАКтын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп бир күн иштеп кызматтан кетти.  Бул туурауу аталган компаниядан   билдиришти.

Маалым болгондой, Ыктыярбек  Абжалиев ага карата айтылган массалык маалымат каражатарына тараган маалыматтан кийин кызматтан өз эрки менен кетүүгө арызын жазган. 

 Ыктыяр Абжалиев  Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин агасы.

     Абжалиев 1965-жылы 15-ноябрда Ош шаарында туулган. Өкмөттүн алдындагы Бажы кызматында иштеген. 2011-жылдары Баткенде бажы бөлүмүнүн башчысы болгон. Кесиби боюнча экономист.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *