Социалдык тармакта теракт тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

   Мезгил

Социалдык тармакта теракт тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 24-февралда “Инстаграм” социалдык тармагынын «_roma7unuzow» аттуу колдонуучусу News.kg маалымат порталынын жаңылыгынын алдына ГУМ соода борборунда саат 17:30да террористтик акты боло турганы тууралуу билдирүү калтырган. Анда жанкечти даяр экени, анын ата-энесине 2 млн. доллар төлөнгөнү айтылган.

Бул факт боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-б. (Терроризм актысы, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында Чүй облусунун 18 жаштагы тургуну Р. Юнузов шектүү катары кармалып, УКМК Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинди. Сурак учурунда ал бейбаштык кылганын айтып, жасаган ишине өкүнүп жатканын билдирди.

Террористтик акт тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын  эскертет.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *