Соцминистрликтин жетекчилиги дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгына колдонгону тастыкталды

Мезгил. 

Башкы прокуратура Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигине пландалган текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында дипломатиялык жана кызматтык паспорттор боюнча мыйзамдардын бузулушун аныктаган бир канча  фактылар аныкталган.

2018-жылдын 12-сентябрында министрликтин иштеп жаткан жана иштен кеткен кызматкерлерине дипломатиялык паспорт берүү жана кайтарып алуу иштеринде кетирилген кемчиликтер үчүн Башкы прокуратура административдик эреже бузуу боюнча өндүрүштү козгоду. Материалдар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Андан тышкары, текшерүү учурунда аталган министрликтин жетекчилигинин дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгына пайдаланган фактылары ачыкталган. Учурда текшерүү иштери уланууда. Жыйынтыгына жараша, министрликтин жооптуу кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берилет.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *