Соцтармакта жубайынын фейк-аккаунтун ачкан кишиге кылмыш иши козголду

Мезгил. 

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында соцтармакка жубайынын фейк-аккаунтун ачып, ар кандай маалыматтарды жарыялаган кишиге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу   Podrobno.uz. жазды.

Шаардын ИИБи ички иштер кызматына Нигора Р. аттуу жаран кайрылганын билдирген. Аты-жөнү өзгөртүлгөн аял күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган. Жубайлар урушуп кетишип, күйөө аялынын атынан соцтармакка баракча ачып, анын ар намысына шек келтирчү билдирүүлөрдү калтыра баштаган.

Аталган факты боюнча 35 жаштагы Ахрор Б.га Өзбекстандын Кылмыш жаза кодексинин 140-беренеси (“мазактоо”) боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *