Соттолуп жаткан Транспорт министринин орун басары акыркы сөзүн айтты

Мезгил

Пара алууга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев сотто акыркы сөзүн айтты.

Жусубалиевдин иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Ал акыркы сөзүндө анын пара алып жатканы боюнча арыз жазган адам УКМКнын кызматкери экенин жана мындай кырдаал иштин акыйкат тергелишинен шек жаратарын айткан.

Жусубалиев “Бул иш менин үй-бүлөм үчүн чоң трагедия болду. Тегерегимде өмүр бою жакшы адамдар болгон. Эмгек жолумда эки министрликте иштедим. Бири Коргоо министрлиги жана экинчиси  Транспорт министрлиги. Баткен окуясына катышып, министрликтен Ардак грамота алгам. Жогорку саясий кызматтарда 9 жылдан ашуун эмгектендим. Бул ишке менин тиешем жоктугун айтам. Урматтуу сот, сиз бүгүн адилеттүү чечим чыгарасыз деп ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктаган.

Айыпталуучулардын сөзүнөн кийин сот кеңешүү үчүн чыгып кетти. Бүгүн өкүм чыгары күтүлүүдө.

Мурдагы аткаминер менен кошо айыпкер катары тендерден уткан компаниянын Б.Г. аттуу кызматкери жана жең ичинен сүйлөшүүнү уюштурду делген Б.Т. аттуу жаран да соттолууда.

Эскерте кетсек, Транспорт министринин экс-орун басары Азимкан Жусубалиев 2018-жылы жол куруу боюнча тендерден уткан компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 доллар пара алды деген шек менен кармалган Анын 50 миң долларын алып жатканда УКМК колго түшүргөн

Бул ишке байланыштуу ошондогу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековдон жеме угуп, иштен кетүүгө аргасыз болгон

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *