Соттор жана прокурорлор талашкан тараптарды медиаторго жиберүүгө укуктуу

  Мезгил

Соттор жана прокурорлор бүгүн, 28-июнда, Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму (IDLO) уюштурган калыбына келтирүүчү медиация боюнча тренингде катышууда.

Калыбына келтирүүчү медиация – арыздашуунун натыйжасында пайда болгон көйгөйдү чечүү үчүн бирин-бири түшүнүү жөндөмүн калыбына келтирүүгө медиатор тарабынан шарт түзгөн процесс.

Иш-чаранын ачылышында IDLO кеңешчиси Дильбара Максимбекова белгилегендей, мыйзамга ылайык соттор жана тергөөчүлөр талаштын, жорук жана кылмыш иштердин тараптарын маалыматтык жолугушууга, м.а, медиаторго жиберүүгө укуктуу. Медиатор талаштын тараптарына медиациянын маңызын жана принциптерин түшүндүрөт. Тараптар медиациянын алкагында жөнгө салуу жөнүндө өз ара макулдукка келген учурда медиацияны колдонуу жөнүндө келишимдин шарттарын макулдашат. Талаш, мындай учурда, сотко жиберилбестен бүтөт. 

 “Кылмыш иштер боюнча калыбына келтирүүчү медиация жарандык иштерден айырмаланат. Медиатор менен соттордун жана прокурорлордун кызматташуусунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү үчүн атайын Латвиядан тажрыйбалуу эксперт Диана Зиединяны чакырдык”, — деди Дильбара Максимбекова.

Диана Зиединя 2005-жылдан бери Латвия мамлекеттик пробация кызматынын Медиация жана коомдук катышууну координациялоо боюнча департаментинин адиси болуп эмгектенет. Тренинг учурунда ал латвиялык медиаторлор прокурор жана соттор менен кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ошондой эле эрезеге жетелек балдар менен иштөөдөгү өзгөчөлүктөрүн айтып берет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *