Кечиккен наам. Бүгүн Султан Ибраимовго көзү өткөндөн  кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

   Мезгил

Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго көзү өткөндөн  кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Султан Ибраимовдун көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Ал 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган.

Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Кызматтык зоболосу өйдөлөп, республиканын cуу чарба министри, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген.

Ишмер инсан Султан Ибраимов кезегинде СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу орден жана медалдар менен сыйланган. 1980-жылдын декабрь айындагы каргашалуу окуянын айынан 53 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *