Султан Сулеймандын чыныгы “Хюрреми” Бергюзар Корель жолдошу менен тасмадан табышкан

Мезгил

Түркиянын сулуусу белгилүү актрисаларынын бири Бергюзар Корель 1982-жылы Стамбул шаарында актёрлордун бүлөсүндө жарыка келген. Бала чагы Түркиянын Улус шаарында өткөн. Ата-энеси белгилүү актёрлор болгондуктан ал чыгармачыл чөйрөдө чоңойгон. Ошондон улам Бергюзар мектепти аяктаганда өзүнүн каалоосу менен Синан университетинин актёр бөлүмүнө тапшырат. Студент кезинде эле кыска метраждуу фильмдерге тартылып, театрда чакан эпизоддогу ролдорду ойногон.

 Жеке жашоосу 

Бергюзар 2006-2009-жылдары “Миң бир түн” сериалында башкы каарман Шахрезаданын ролун жараткандан кийин аты алыска тарап белгилүү болгон. Анда популярдуу актёр Халит Эргенч менен чогуу роль ойногон. Сериалагы түгөйү  Халит экөөнүн ортолорунда сүйүү сезими реалдуулукка айланат. Ал кезде актёрдун аялы бар жана кош бойлуу болгон. Ага карабастан аны менен ажырашып, Бергюзарга үйлөнгөн. Халитке турмушка чыккандан кийин Бергюзар Корель фамилиясын Эргенч деп өзгөрткөн. Жолдошу өзүнөн 12 жашка улуу. Актирса аябай сырдуу жана жеке жашоосу тууралуу көп айта бербейт. Учурда түгөйлөрдүн 2010-жылы төрөлгөн Али деген баласын тарбиялап келишет.

Бергюзар баласын төрөгөндөн кийин чыгармачылык тыныгуу жасап, кинолорго аз тартылып, үй-бүлөсүнө жана ымыркайына көбүрөөк убакыт бөлгөн.

Бергюзар Корель жана жолдошу Халит Эргенч “экөө эки башка жолго түшкөнү турат” деген ушак тарап бирок 2017-жылы артист көпчүлүк аудиториянын алдында бул маалыматты төгүнгө чыгарып, жубайы Бергюзарга дагы бир жолу өзүнүн ага болгон сүйүүсүн билдирген.

Түгөйлөр көп убакытын чогуу өткөргөндүү жакшы көрүшөт. Халит сүйүктүү жарынын туулган күнүнө карата сюрприз жасап, Стамбулдагы ресторандардын биринде кече уюштурган. Анда жакын санаалаштары, туугандары жана достору катышкан. Жакын арада эле жубайлар ВIAF (Beyrut International Awards Festival) сыйлыгын тапшыруу аземинде кызыл  килемден өтүшкөн.

 Популярдуу  “Инстаграм” соц тармагына 2012-жылы эле катталган. Жылдыздуу актрисага суктанган күйөрмандары анын berguzar_korel_russfans баракчасына катталса болот.

Тартылган тасмалары

Узун бойлу кара көздүү актриса Бергюзар Корель биринчи жолу  “Сломаннкая жизнь” сериалында роль ойнойт. Андан кийин 2015-жылы “Долина волков Иран” фильмине тартылат. Ага тартылуу оңойго турган жок. Себеби анда Лейла  деген каармандын ролун алган жана анда араб тилинде сүйлөгө туура келген ал эми Бергюзар бул тилди билчү эмес. Бирок ага карабастан кыйынчылыкты жеңип, Лейланын ролун жакшы ойноп берген, Аталган фильм Корелге жемиштүү болгон. 2006-жылы кайра башта айтып өткөн “Миң бир түн” сериалына өмүрлүк жолдошу менен башкы каармандын ролун ойногон. Ошол эле жылдары “Ветка маслин” сериалына катышкан.

Аталган тасмалардан кийин аты чыгып таанымал болгон жана жараткан ийгиликтери үчүн телевизиондук “Золотая бабочка” сыйлыгын алган.

2009-жылы “Любовь не за горами”, андан соң дүйнө жүзүнө популярдуу тарыхый “Даңазалуу доор” сериалына 2011-жылы катышкан. Анда чакан эпизоддо Моника Гринттинин ролун аткарган. 

 

Теледолбоорлордогу катышуусу жана алган сыйлыктары Бергюзарга атак алып келип белгилүү продюссерлерден дагы тасмага тартылууга сунуштар түшө баштаган. 2010-2011-жылдары актриса дагы бир  “Недопетая песнь” сериалына тартылып анда да оор турмушту баштан кечирген каарман болуп аткарган. Дагы көптөгөн “Моя родина — это ты”,  “Одна любовь, две жизни”,  “Игра в любовь” жана криминалдуу “Дядя Кара” тасмаларында өзүнүн чеберчилигин көрсөткөн. “Дядя Кара” да башкы каарман Кенан Имирзалыоглуга ашык болгон кыздын ролун ойногон. Аталган сериалда сот кызматкери болуп аткарган. Ал эми “Моя родина это ты” көркөм сериалында күйөөсү Халит Эргенч экөө чогуу башкы каарман болушат. Анда Бергюзар Азизанын бейнесин чагылдырат жана аскер кызматкеринин жубайы болот.

Быйыл 2019-жылы дагы бир “Одна любовь – две жизни” мелодрамасы Бергюзар Корельдин катышуусу менен тартылып жарыка чыкты.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *