Сулуу болуш аста –аста : Пилинг жана анын косметологияда колдонулушу

Мезгил

Аялзаты жаш курагына карабай дайыма сулуу болууну көздөйт. Бул үчүн ал убактысын дагы, күчүн дагы аябайт. Буга жараша косметологдор улам сулуу болуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгышууда. Мындай ыкмалардын учурдагы белгилүү түрү – пилинг болуп калды. Адистер мындай ыкманынын  башка процедуралардай эле   пайдасы да  зыяны да бар экенин айтып келишет. 

Бул макалада биз сулуулук салондору жана медициналык клиникаларда, үйдө колдонулган  пилингтин негизги түрүн карап көрдүк.

Алгач бет тазалоочу ыкманын адамдын терисине кандай таасир берерин жана теринин түзүлүшүн өзгөчөлүктөрүн карап көрөлү

Адамдын бет териси үч катмардан турат. Эң үстүнкү катмары – эпидермис, андан кийин дерма жана түпкүрүндөгү гиподерма. Анын ичинен эпидермис беш катмарга бөлүнөт:

Эпидермистин үстүнкү катмарынын клеткалары бөлүнүп, өлүү клеткаларды  алмаштырып турат. Адамдын Эпидермис клеткалары 20 күндө толук жаңырат. Теринин функциясы Эпидермистин түзүлүшү касиеттери менен байланыштуу.

Ал эми дерма беттин негизги катмары. Эң башкы клетка теринин негизги талчалары. Алар  теринин ийкемдүүлүгүн жогорулатуучу коллаген элестин жипчелерин синтездейт.

Ошондой эле дерма эки катмардан турат.  Ал эпидермис чектешкен  кан тамырлар. Экинчи катмары эң терең жайгашкан гиподерма менен байланышат. 

Косметологияда жасалуучу пилингттин түрлөрү:

  • Механикалык пилинг
  • Химиялык пилинг
  • Ультраүндүү пилинг жана лазердик пилингтер

1 Беттин үстүнкү катмарына жасалган пилингБул ыкма бет терисинин үстүнкү катмарына жасалат жана оорутпайт. Тирүү клеткаларды жабыркатпайт. Бул процедура бетиңиздин жылмакай кылып кан айланууну жакшыртат.1 Беттин ортоңку катмарына жасалган пилингБул ыкма эпидермистин тирүү клетка катмарларынын жаңыланып турушу үчүн колдонулат. Беттин түпкү катмарына жасалган пилинг теринин түпкүрүнө жасалгандыктан ооруксунуну пайда кылыш мүмкүн.  Муну жасаган косметолог тажыйырбалуу болушу жана бул ыкманы жакшы билиши керек. Болбосо бет терисин жабыркатып алуу коркунучу бар.Бирок, канчалык терең катмарга чейин пилинг жасала турган болсо ошончолук эфективдүү болот.

Механикалык пилинг. Бул өлгөн клеткалардан кутулууга жардам берет. Ошондой эле бетти тазалап, келбетиңизди ачат. Үйдө механикалык пилинг жасоо үчүн скрабты колдонсоңуз болот. Бирок аны жара же безетки болгон териге  жана сезимтал бетке колдонбогон жакшы.

Химиялык пилинг. Беттин терисине, тырык тактын канчалык көп же аз экендигине карап атайын каражат тандалып, бетке сыйпалат. Натыйжада теринин  күйгөн сырткы катмары 2-3 күндөн кийин карттанып сыйрылып түшүп ордуна жаңы тери пайда болот. Эгерде бетте тешикчелер терең болсо 10-15 курс гана алуу керек.

Химикалык пилингттин пайдасы

Бет терисинин нымдуулугун жакшыртып , тактарды жана майда бырыштардын азайышына жардам берет. Муну жашы улгайган адамдар гана алуусу кажет. 

Ультраүндүү  пилинг Жогоруда айтып өткөн процедуралар сыяктуу эле  кан айланууну жакшыртып бетке түшкөн бырыштар жазылып териңиз жумшак  жылмакай боло түшөт. Мындай пилингти  жаш өспүрүмдөр деле жасатса болот.

Ультраүндүү пилинг кимдерге болбойт?

Кош бойлуу аялдар,  аллергиясы бар сезимтал бетке, жүзүндө кандайдыр бир жара тактары бар адамдарга жасатууга болбойт.

Лазердик пилинг кандай жасалат?

Лазер менен бет терини тереңирээк  күйгүзгөн соң  бет капкара болуп күйүп 2-3күндөн кийин теринин сырткы катмары  сыйрылып түшө баштайт да ордуна жаңы тери пайда болот. Мындай ыкманы бир- эки жолу гана жасатууга болот. Жыйынтыгында  бет териси жашарып бырыштар жазыла түшөт.  Жүзүңүз кулпуруп жумшак жана нымдуу болуп көп кургабай калат. 

Кимдерге жасатканга болбойт?

Жүрөгү оорукчан жана онкологиялык оору менен жабыркагандар жана кош бойлуу аялдарга жасатууга болбойт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *