Мезгил.
Президент Сооронбай Жээнбеков 27-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп келди.
“Аэропортто Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимов тосуп алды.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында уюмдун азыркы ишмердигинин маселелери, ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусунун келечеги талкууланат.
Саммиттин алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу болжолдонууда”, – деп билдирди президенттик аппарат. Ошондой эле мамлекет башчынын Тажикстандын абамайданындагы көз ирмемдерин чагылдырган сүрөттөр жарыяланды.