Сулуулук сырлары: Жапон аялдары жаштыгын кантип сакташат?

Мезгил

Эмне үчүн жапон айымдары 40 жашка чыкса да 20 жаштагыдай көрүнүшөт? Мунун сыры эмнеде? Анткени алар биринчиден өзүн аябай сүйүшөт. Жапон кыздары үч эрежени катуу сакташат: табигый азыктарды көп жешет жана дайыма спорт менен машыгып, сырткы келбетине туура кам көрүшөт.

1. Жашылча жана дан эгиндери

Толук жапон аялдарын кезиктирүү кыйын. Жапонияга келген ар бир адам алардын көп тамактанып бирок семирбегенине таң калышат. Бул алардын туура тамактанып жашылча, мөмө-жемиш деңиз азыктарын күрүчтү көп жегендигинде. Тамакка 30% эт жана балык, 60% жашылча кошуп жасашат. Татымал менен тузду көп колдонушпайт. Соя соусун жана өсүмдүк майы булардын негизги колдонучу каражаты.

Баары бала бакчадан башталат…

Жапонияда балдарын  бала бакчага жана мектепке бергенден тарта ал жактагы тарбиячылар балдарга биринчи эле пайдалуу табигый азыктар менен тамактанганды үйрөтүшөт. Жапондор башка нерсеге караганда көбүнчө баланын жеген тамагына көп көнүл бурушат.

 БАДны көп колдонушат

Жапонияда ар бир адам БАДны колдонууга милдеттүү. Жумушка орношу үчүн да мындай кошулмаларды сөзсүз ичүүлөрү керек. Жапондор муну чарчоону басуу  үчүн пайдаланышат. БАД кошулмасында женьшень кызыл калемпир жана имбир бар.

Жапон айымдары күнгө күйүшпөйт.

Бир дагы жапон  кызы күндөн сактоочу кремди колдонбой туруп көчөгө чыкпайт. Жамгыр жаап турган кезде да беттерине күндөн коргоочу кремди сүйкөшөт.

 Бетке кам көрүү

Жапон аялдары жүзүнө өзгөчө этияттык менен кам көрүшөт. Биринчи беттин жууганда  акырын жышып  андан соң бетке арналган өзүнчө самын менен бетин жууйт. Андан кийин беттин нымдуулугун сактап турган каражаттарды колдонушат.

Ошондой эле жапон аялдар түндө масканы коюп алып уктаганды абдан жакшы көрүшөт.

Бир дагы жапон аялдар химиялык кошулмалар менен жасалган сулуулук каражаттарын колдонбойт. Табигый кошулмалар менен жасалган сапаттуу сулуулук каражаттарын колдонушат. Ошондуктан Жапонияда сулуулук каражаттарын чыгарган фирмалар химиялык кошулмалары жок  жасашат.

Жапония айымдары пластикалык операция, пилинг жана укол көп жасата беришпейт. Биринчиден кымбат экинчиден ден соолукка терс таасирин берет деп эсептешет. Жапон элинде аялдар көбүнчө укалоо менен бетиндеги бырыштарды кетиришет. 

Булак:Мезгил Ньюс

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *