Сулуулук сыры: Целлюлит деген эмне жана андан  кантип арылууга болот?

Мезгил

Целлюлит – бул тери алдындагы май клеткаларынын катмарланып кетиши (апельсин кабыгына окшоп). Бул дарт менен арыкмын деген айымдар да жабыркашат. Ал көбүнчө адамдын жамбашында, жоон санында, курсакта, ийиндерде байырлап келет.

Бул дарттан кантип арылууга болот:

-кекиртекти тыюу (диета),

-спорт менен машыгуу,

-көп кыймылдоо, 

-стресстен алыс болуу,

-целлюлитке каршы продукцияларды колдонуу жана витаминдерди ичип туруу кажет.

Эртеби кечпи   дене мүчөсү өзгөрүп  толуп кеткен айымдарды көп эле кездештиребиз.  Мындай көйгөйгө  кабылбоо үчүн туура тамактанууну адатка айландыруу керек. Эң негизгиси туура тамактанып, зыяндуу тамак-аштардан баш тартуу керек.

Ден соолукка кооптуу тамак аштардын тизмеси:

-Консервантуу азыктар жана  томат уксустар, -Бардык майлуу эттер жана курулган тамактар,-Тез –татым тамактары (гамбургер, ход-дог, шаурма ж.б.) чипсы,-Кофе, кара чай, газдуу суу,-Спирт ичимдиктер,-Буудай унунан жасалган  азыктары ( нан, торт, токоч ж.б.)

Ден соолукка зыяны тийбеген  мына бул азык – түлүктөр рационуңузда дайыма болушу кажет:

Алар; Пияз жана сарымсак, сууга бышырылып дымдалган жашылчалар жана курамында белогу бар шорпо, канаттуулардын айрыкча үндүктүн этинин пайдасы көбүрөөк жегенге аракет кылган жакшы.

Сүт азыктары майлуулугу 5%дан жогору болбогон, деңиз азыктары, ботко, кара нан, мөмө- жемиштер, кургак жер жемиштер, шекердин ордуна балды колдонуңуз. Ошондой эле зайтун майы, күн карама майы кошулган салаттар, укропторду көбүрөөк жеп туруу керек.

Полуфабрикат тамактарынан алыс болуңуз

Анткени азыркы тез даярдалуучу тамак-аштар аябай ден соолукка кооптуу. Эгерде целлюлит дартына чалтыкпайм десеңиз өз колуңуз менен жасап жегеңиз оң.

Жашылчардан турган тамакты көп жасаңыз. Тамакка кызыл калемпир, кориандр, укроп, шафран, куркуму жана башка ушулар сыяктуу татымдар даам берет. Ошондой эле мөмө-жемиштен жасалган, чалкандын жалбырагынан жасалган таза чайды колдонгон жакшы. Анткени бул ичимдиктер тамак ашты сиңирүүгө жакшы жардам берет. Тамактанардын алдында  күнүнө 2лир суу ичип туруңуз жана тамактанып бүткөндөн  кийин бир нече убакыттан соң кайра ичиңиз.

Көп кыймылдаңыз

Айрыкча таза абада көп сейилдеп чуркоо керек. Кээде жумуштан чыкканда же бара жатканда  3-4км жөө басып турган жакшы. Ошондой эле күнүгө эрте менен жок дегенде жарым саат  көнүүгү жасап туру зарыл.

Мунун баарын жасагандан кийин жыйынтык качан болот?- деген суроо туулат эмеспи. Эгерде үзгүлтүсүз баардык эрежелерди сактаган болсоңуз 3 айдан кийин жыйынтыгын бере баштайт.

Биринчи  айда организм жаңы режимге көнө баштайт. Экинчи айда ичегилер тазаланат да 3 айда боор тазаланып калат. Ал эми 3-4жума өткөндөн кийин салмагыңыз азайып арыктап баштайсыз.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *