“Супара” жана “Мадинадагы” өрт. ИИМ окуяны атайын жасалган иш эместигин жарыялады

Мезгил. 

Акыркы аз күндө эле Бишкекте  көрүнүктүү эс алуучу жай жана белгилүу базар жалынга чулганды. Коомчулукта муну атайын жасалган иш деп шектенгендер четтен табылат.

А бирок, ИИМ өзүнүн бул боюнча маалыматын жарыялады. Ага таянсак, базарлардагы жана эс алуучу жайдагы өрт элект шаймандарын туура эмес иштетүүдөн, ар кандай кокустуктан келип чыккан кырсык.

“4-сентябрь күнү болжол менен саат 23:10 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө, Бишкек шаарынын “Мадина” соода базарында өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын, Бишкек ШИИББнын жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин ыкчам-тергөө топтору чыгышкан. Окуя болгон жердин айланасы курчоого алынып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн. Алынган маалымат боюнча өрт базардын түндүк бөлүгүндөгү кампада башталган. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ӨКМдин 6 каражаты тартылган.

17-сентябрь күнү болжол менен саат 22:28 чамасында Каракол ШИИБдин нѳѳмѳт бѳлүгүнѳ “Ак-Тилек” соода базары ѳрттѳнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкѳн. Окуя болгон жерге тергѳѳ-ыкчам тобу келишкен. Кошумча күчтөр менен бирдикте Каракол шаарында жайгашкан “Ак-Тилек” базарынын айланасы жарандардын коопсуздуктарын сактоо максатында курчоого алынган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан саат экилерде өрт өчүрүлгөн.

2018-жылдын 18-сентябрь күнү болжол менен саат 02:28 чамасында Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан “Супара” этно-комплексинде өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жогорудагы факты боюнча окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу келишкен. Өрттү толугу менен ӨКМ болжол менен таңкы саат 6:40 чамасында өчүрүшкөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар ички иштер органдарында катталып, ыкчам-тергөө топтору окуянын келип чыгуу себептерин аныкташууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералардын тасмалары алынды.

Азыркы учурда өрттөнүүдө эч кандай кылмыш белгилерин мүнөздөгөн жагдайлар чыга элек. Эксперттер өрт коопсуздугун сактоо чараларын көрбөгөндүк менен кокустук деп эсептешүүдө”, – деп билдирди ИИМ.

Өрт чыгуунун себептери акыркы корутундусу чыккандан кийин айтылат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *