Сурагыла, жооп беребиз. Капалансаң да чач түшөт

Капалансаң да чач түшөт

Кийинки кезде чачым көп түшчү болду. Чачтын түшүүсүн канткенде токтотууга болот? Аида

– Чачты тараганда бир күндө 80ге жакын чач түшөт, ал кары чачтар болуп эсептелет. Эгерде күнүнө 100дөн ашык түшсө анда сөзсүз врачка кайрылуу керек. Чачтын түшүүсү организмдеги кандайдыр бир өзгөрүүлөргө, ооруга же чач жуучу каражаттарды туура эмес тандап алууга байланыштуу болушу мүмкүн.

Айрым учурда уйкунун жетишсиздиги, капаланып, стресске кабылуу же ар кандай климаттык өзгөрүүлөргө дуушар болуу дагы таасир берет. Мындай учурда орга-низмде витамин-минерал-дык комплекс өзгөрүүгө аргасыз болуп, ал чачка да таасир этет. Ошондуктан, өз алдынча дарылана бербей, алгач врачка кайрылып, чачтын түшүүсүнүн себебин билгенден кийин, дарылоо чарасын баштоо зарыл. Ошол эле учурда чач жуучу каражаттарды, шампунь, бальзамдарды туура тандоо керек.

Ал эми кыргыз элибизде илгертен бери эле чачты айран, чалкандын тундурмасы менен жууган салт бар эмеспи. Бул да болсо чачты татынакай алып жүрүүнүн бир ыкмасы болуп саналат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *