Сурагыла, жооп беребиз. Ток уруп, эс-учун жоготсо

Ток уруп, эс-учун жоготсо

Эгер киши токко урунуп калса, алгач кандай жардам бериш керек? Муну айыл жеринде жашагандар билип алышса абдан жакшы болоор эле. К.Андакулов

– Эгерде киши токко урунса же электр тогун кармагандан кийин күйүккө учураса, анда дароо электр тогун өчүрүп, андан кийин гана кишинин денесине жакындоо керек. Эс учун жоготуп койгон учурда денесин жылытып, врачтарга тезинен кайрылуу зарыл.

 Кыйналып дем алып же дем албай калса, кишини түз жерге чалкасынан жаткызгыла жана башын бир аз артты көздөй чалкалаткыла. Кишиге ооздон-оозго мурунун жаап туруп дем алдыргыла. Бул учурда анын көкүрөгү көтөрүлүп тургандай кылып катуу-катуу дем алуу керек. Үчкө чейин санап, анан дем алгыла, муну кишинин дем алуусу жөнгө келгиче жасоо зарыл.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *