Суракматов Бишкекти тазартуу ыкмасын сунуштады

Мезгил. 

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбор калааны таштандыдан арылтуунун жолун издөөдө. Ал “Мыкты короо” сынагын өткөрүп, шаар тургундарына тазалыкты сактоого стимул берүүнү туура деп тапты.

Мэрияда шаардын санитардык акыбалы, өнүгүү маселеси каралган кеңешме өткөрүлдү. Ага райондордун акимдери, санитардык абалга жооп берчү орун басарлары жана  мунициналдык -аймактык Башкармалыктын  жетекчилиги катышты.

Суракматов шаар таштандыдан арыла албай жатканын белгиледи.

“Борбордук трасса, жөө адамдар басуучу жол жана үйлөрдүн ортосунда жылдап таштандылар тазаланбай жатат. Жашоочуларды да айлана-тегеректи тазалоого кошуу керек. Аларга аракети үчүн стимул берчү ыраазычылыктарды билдирүү кажет”, – деген мэр “Мыкты короо” сынагын жарыялап, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырып, маалымат каражаттарына чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле калаа башчысы муниципалдык-аймактык Башкармалыктын жыйынтыктары жакшы болбосо, чара көрүлөөрүн кошумчалады.

Муниципалдык кызматтардын кызматкерлери буга дейре короо шыпыргычтар МАБдын карамагында болгонун, андан кийин аларды “Тазалык” ишканасына которушканын айтышты. Ошондуктан, учурда тазаланбаган аймактарды кучагына алган технологиялык карталар түзүлүүдө,  андан кийин “Тазалык” ишканасы менен аймактарды тазалоо келишими түзүлөт.

МАБдын өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүнкү күндө короо шыпыргычтар 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин алышат. Мынча айлык менен жарытылуу жыйынтык күтүүнүн кереги жок. Баа саясаты жакшы болушу зарыл. Ошондой эле бардык үйлөрдө короо шыпыргычтар жок, ар кайсы аймак убак-убагы менен гана тазаланат.

Мэр Суракматов кандай болгон учурда да ишти системалаштырып, шаарды таза кармоо керектигин белгиледи.

“Бишкектин азыркы абалы акылга сыйаарлык эмес. Кварталдап, райондоп чекесинен иретке келтириш керек”, – деди мэр.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *