Мезгил.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менчигиндеги бир нече компанияны жакын туугандарынын башкаруусуна ишеним көрсөтүп өткөрүп берди.
Мэриядан билдиришкендей, Суракматов бул кадамга “кызыкчылыктардын кагылышуусун” болтурбоо максатында барган. Ал шаар башчылыгына келерде берген убадасын аткарып, кызыкчылыктарды карама каршы койбой турганын, коомдук көзөмөл ишинде ачык-айкындуулукка жана жетимдүүлүккө басым жасаарын белгилеген.
Азиз Суракматовго шаардагы белгилүү “Елизавета” курулуш компаниясы таандык экени белгилүү. Андан тышкары да бир топ курулуш жана башка тармактагы компанияларга ээлик кылат.
Булак: Мезгил Ньюс