Сусана сумсайбай эле кой, Кыргызстан сулуулардын мекени

    Мезгил

Кыргызстандык Сусана Егорян деген сулуубуз бар. 2019-жылы «Miss Europe World – 2019” Эл аралык сулуулар сынагында Армениянын атынан чыгып, вице-мисс катары 4-орунду алган. Ага чейин Ливанда өткөн сулуулар сынагында конкурстун кайсылдыр бир этабында Армения деп жазылган тасманы тагынып чыга калып, чууга кабылган. Ал жакында “Miss Asia World – 2019” конкурсунда жеңүүчү болуп, кубанычы койнуна батпай туруптур.

Бирок сулуу Сусана Егорян кыргыз бийлигине өлө тарыныптыр. Ал“Инстаграмм” баракчасына “Бул жөнүндө жазуу уят. Бирок өкмөт уялсын! Чыгармачылык кишилер, спортсмен, модель, актёрлор… көптөр демилгесиз калып жатат! Биз бардык күчүбүздү үрөп, мамлекетти даңктайбыз, өз эсебибизден, а анын ордуна эмне алуудабыз? Эчтемке. Андыктан чыгармачыл кишилер башка мамлекеттерге кетип жатат” деп аттын башындай арманын төгүптүр. Ал тургай Кыргызстанга таарынып, жакында башка мамлекеттин жарандыгын ала тургандыгы тууралуу да жазыптыр.

Эми Сусана сен сумсая бербе. Биринчиден, ийгилигинди башкалар куттуктабаса да биз куттуктайлы. Экинчиден, сага окшоп кыргыз бийлигине таарынгандардын саны көп. Чет мамлекетке чыгып кетип, башка өлкөнүн желегин желбиреткендер, чет өлкөнүн жарандыгын алгандар, “мээлердин агышы” деген себеп менен сыртта иштеп жаткан таланттууларбыз абдан көп. Эми эмне кылалы, Кыргызстан таланттардын, сулуулардын мекени экен. Бирок алардын баарына эле колдоо көрсөтө берүү капчыгы чакан өкмөттүн колунан келе бербейт тура. Сен сыяктуу бир сулуубуз, Айкөл Аликжанова деген да “Урматтуу президент, мени угуп жаткан болсоңуз жардам бериңиз!” деп Атамбаевге видеокайрылуу жолдогон.

Бизде сулуулар көп болгондуктан, алардын акыл көрөңгөсү дайыма эле сулуу боло бербестиги тууралуу түшүнүк калыптанган. Ошондуктан сулуу катары сиздин да өкмөткө таарынып жаткандыгыңызды туура эле түшүнөбүз. Башка мамлекеттин жарандыгын алышыңызга деле каршылыгыбыз жок. Бизде бир улуу макал бар. Ичкен сууңа эч качан түкүрбө деген. Эгерде кыргыз бийлигине таарынсаңыз да, сиздин сулуу болшуңузга салым кошкон акатай таза суубуз менен каңшаарды жарган таза абабызга, кыргыз элине таарынбаңыз деген сунуш айтмакчыбыз. Анткени Кыргызстандай сулуу өлкөнү сиз жер жүзүнүн башка бурчунан таба албайсыз деп ишенебиз!

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *