Мезгил
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков менен депутаттардын ортосунда пикир келишпестиктер орун алды.
Буга депутат Кенжебек Бокоев парламентте кош стандарттуулук болуп жатат деп айтканда, спикер “парламент жакпаса эч кимди кармаган жокпуз” деп жооп бергени себеп болду.
Ал эми бир катар депутаттар спикерге антип айтууга акысы жок экендигин айтып сындашты. Ошондой эле депутат Жанар Акаев Жумабековдун бул сөзү үчүн ал депутаттардан кечирим сурашын талап кылды.
Ал ортодо депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңеште идеалдуу адам жок экенин айтты.
“Сөздөн адашып калса, ошону айтып жатасыңар. Бул жерде идеалдуу эч ким жок. Баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Кудай көргүс иштерди кыласыңар. Бул жерде семизиңер, кыйшыгыңар бар. Буларга эч кимибиз эч нерсе дей элекпиз. Өзүңөрдү кармагыла. Же бирөөңөрдү семиз, бириңерди кыйшыксыңар деп жатабызбы? Сыйыңарды билип, жакшынакай болгула!”, – деди Икрамов.
Мезгил ньюс