Сырткы мигранттардын 80%ы Баткен облусунун тургундары болуп чыкты

Мезгил. 

Миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын  80%ы Баткен областынан кеткен жарандар. Буга аталган региондогу жумушсуздук маселесинин курч тургандыгы себеп. Өндүрүштүн аксап жаткандыгы да буга кошул – ташыл болууда. 

Бул тууралуу Карамат Орозова  билдирди. 

Айтымында, Кызыл – Кыя шаарындагы цемент заводунун талашка түшкөн маселеси да кайсыл бир аткаминердин кызыкчылыгынан эле чыгып жатат.  Бул маселеде да элге калыс чечим чыгарып берүү зарыл.

” Аталган облустагы  мектептердин басымдуу бөлүгү ашар жолу менен курулгандыктан, типтүү мектептер жокко эсе.  Капиталдык курулуштардын тизмесине киргизилген мектептердин курулушу эмдигиче башталбай олтургандыгы барып турган кайдыгерлик” , – деди депутат.

Ошондой эле, депутат белгилегендей, Баткен облусундагы оорукананын имараты тар, жабдуулары эски.   Жергиликтүү калктын борборго келип дарыланууга шарты жок. Шарт  болгон учурда  да жол азабы оңой эмес..

“Авиабилеттердин наркы да элдин чөнтөгүнө чак келбейт”, – деди депутат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *