Түгөлбай Казаков: “Келсем, рельстин үстүндө отуруптур. Сурасак, анын “ажалы” кечке маал өтөт экен”

Мезгил

Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткен «Жамгыр төктү» чыгармасынын жаралуу тарыхын автор төмөндөгүчө баяндайт.

 Бала кезде жанга жакының кийин өмүрүңдү коштоп жүрөт экен. Жамгыр да мага ошондой сапарлаш болду. Студент кезде да жамгыр жааса ар кайсыны шылтоолоп, жатакана менен институттун ортосунда чуркап алар элем.

Кичинебизде апамда “Жамгырда жылаңбаш жүргөн балдардын чачы кара болот” — деп койчу. Үй күчүк болбосун десе керек. Жайлоодо күн алыс эле жамгыр жаап, дөңдөн-дөңгө безилдеп “чач карайтчу” элем. Жамгырдан кийинки аруу табиятты ким жеткире айталат?

Бала кездеги Жамгыр мени оюн салдырып, ичиме канат байлап, бир жерге токтотпой алып учуп турчу эле. Алгач ошо бала кездеги Жамгырымды ырдайын дегем. Бир эмес үч обон чыгарып көрдүм. Бирок үчөө тең тоо койнунда кала берген ыйык Жамгырыма татыбай туруп алды. Таптаза Жамгырымды булгап алгандай болдум. Туулбай туна чөгүштү, -дейт Түгөлбай Казаков.

Белгилүү обончу андан кийин бул темага да, тигил обондорго да кайрылбаганын айтат. «Кийинки, Ысмакең айткандай, кар чайнаса аш болуп, музга жатса тердеген жаштыктын Жамгыры болсо ойго салып, кайдагы бир маа белгисиз кусалыкты ойготуп, өзөккө түшкөнү келаткан өкүттөн кабар бергенсип, кийин калчу көңүлдөр менен ажырым жолдорго азыртан эле ыйлап жаткан көз жашка окшоп, акыры апытта калтыра турган бир ишти түшүндүрө албай тереземди койгулагандай, өзүнчө эле бир сыр дүйнө болуп, айтор, буга чейинки мүнөзүмдү кадимкидей өзгөртүп кетти» деп кошумчалайт.

-Ал ар бир жааганда мен буулугуп баштачу болдум. Мунум адатка айланып, күн бүркөлсө кошо бүркөлүп, жалгыздыкка ыктап, ичимде удургуган түрлүү кайрыктардан башым айланып, дендароо болуп көпкө жүрдүм.

Бир күнү бизде окуган Маркс деген аксакал: “Ай, таланттуу десе эле таптакыр делбирттеп кетет экенсиңер да!” — деди.

Үлүлдөй болуп “үйүмө” кире түштүм. Жатаканада кичикий үтүк бөлмө бар эле. Ага эч ким деле кирбейт экен. Ошерге барып, кыяк тартчу болдум. Сабакка да даярданам, бирдемелерди жаратымыш да этем, айтор, ошол бөлмөгө байыр алдым. Айнегин ачып, Жамгыр менен ошол жерден жолугуша баштадым-деп эскерет Түгөлбай Казаков.

Автордун айтымында, кайдагы бир угуттан көкүрөгү көөп, жарылалбай жүрсө, Кукуш деген курсташына сүйлөшүп жүргөн кызы башкага тийгени жатат деген кабар келет.

– Кабары курусун, Кукушум өлөм деп чыкты. Ал Толстойду деле окуган эмес, бирок темир жолго барып кертилип өлмөй болду. Бир жерге туралбай, эстеген сайын тактекедей секирип жатат. Анан эле: “Бактылуу бол!” — деди да, бөлмөдөн атып чыгып, чуркаган бойдон кетти.

Балээнин бактылуу болгонубу, жолдошуң үч бөлүнүп өлгөнү атса деп, артынан жөнөдүм. Келсем, рельстин үстүндө отуруптур. Сурасак, анын “ажалы” кечке маал өтөт экен. Ага чейин эмне кылабыз? “Юбилейный” деген дүкөндөн көлтөйгөн бөтөлкөнү алдык да, экөөбүз эки ташка отуруп алып, өлүм алдындагы “отурушту” баштадык. Күн бүркөлүп турган. Бир кезде как төбөбүздөн асман жарылгандай болду. Күн күркүрөгөнүн көп эле көргөм, бирок мындай татырап үрөйдү учуруп, жерди солкулдатканын көргөн эмесмин. Анан нөшөр башталды. Биздин негедир тургубуз келген жок. Шөмтүрөп суу болдук, чачтарыбыз сууга түшкөн мышыктын жүнүндөй жалпыйып, кебетебиз келишти да калды. Анан эле мен бир кызыктай боло түштүм. Көкүрөгүмөн бир нерсе тирелип келип кайра кетип, кайра ого бетер күчөнүп келип чыгып-чыкпай артка тартылып, анан кандайча оозуман чыгып кеткенин байкабай да калдым. Кыйкырып ырдап жибердим:

Күн күркүрө-өп жамгыр төктү…

Ушул сап обону менен бир келди. Андан ары уланган жок. Кукуш кайра-кайра ырдатты. Нары жагы уланып кетчүдөй болуп барып эле токтоп калып жаттым. Акырында экөөбүз кучакташып алып, ушул кайрыкты кыйкырган бойдон жатаканага жөнөдүк-деп эскерет Түгөлбай Казаков.

Автор «Билбейм, Кукуштун тагдыры таасир эттиби, же өзүмдүкү эле жетиштүү беле, айтор, ошондо болочок ырымдын бир сабы табылган. Жаранын оозу ачылгандай болгон. Анда эрте жаз эле. Обонум же уланып кетпей, же унутулуп калбай кыжалат кылып жүрүп күз келди. Күзгү жамгыр дагы эки сап берди дейт:

Жамгыр төктү эч басылбай

Биз келаттык көл-шал болуп.

Ары жагы табылбай дагы токтоп туруп калды. Ушул жаман экен! Жаныңа сайылган чегедей болуп кыйнап гана турат да, эй! Кайра жаз келди. Кайырмасы бүттү. Ырдайын десең толук эмес. Ырдабайын десең тынчтык бербейт. Кайрадан күз келгенде барып араң бүттү. Сөздөрү обон менен кошо чыккан эле. Аларды көтөрүп алып акындарды кыдырдым. Бири: “Жамгырда да сүйүү болчу беле?” — деп ыйлагыны келтирсе, экинчиси: “Эки сааттан кийин кел, даяр болот” — деп таң калтырган. Эки сааттан кийин келсем, ал акең кыз-жигит жамгырдан коргологон кайдагы бир көк жоолук жөнүндө жазып салыптыр. Албай кетип калдым. Дагы бири “сол буту” менен жазып кор кылды. Бир жагынан ойлосом аты-жыты жок бир студент келип эле текст жаз деп турса, кайсы акын ишинин баарын таштап салып, төшөлүп отуруп тигинин заказын аткармак эле.

Ошо бойдон акындарга кайрылган жокмун…-деди Түгөлбай Казаков

Султан Ибраимовдун жан дүйнөсүнөн түнөк таапкан ыр

«Жамгыр төктү» чыгармасы Дооронбек Садырбаев тарткан “Топчу” аттуу телефильмге Шандор Каллош деген венгр композитор лейтмотив катары пайдаланган; Азербайжандын атактуу “Гайя” деген эстрадалык ансамблинин репертуарына кирген; Владимир Коркин деген сөзүн которуп, Москванын ресторандарында орусча ырдап жүрүшкөндүгү белгилүү; Казакстан боюнча өткөрүлгөн эстрадалык ырлардын конкурсунда Каухар Каспакова ырдап, баш байгени жеңип алган; Кыргызстандын биринчи президентин ээрчип барган кыргыздарга Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик симфониялык оркестри ойноп берсе, он алты кыргыздын бири да кошулуп ырдай албай, бир дунган жигит кыргызча ырдап берген; Швеция, Португалия, Польша, Сомали, Болгария, Молдова, Германия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө аткарылган,  Султан Ибраимов ушул ырымды Токон Эшпаевдин аткаруусунда аябай жакшы көрчү дешет.

-Эки тамаша эсимде жүрөт: Ошто бир жолдошум какылдап эле жөтөлө бергенинен эмне болгонсуң десем: “Түндө жамгыр төктү дей берип өпкөмө суук тийип калыптыр” — дейт.

Бишкектен бир жаш жигит жолугуп: “Сиздин “Жамгырыңызды” уш-шунчалык жакшы көрөм” — деп калды. “Эмнесин жакшы көрөсүң?” — десем: “Өлө мас болгондо бакырып ырдаганга жакшы экен” — дейт,-  деп эскерет Түгөлбай Казаков

ЖАМГЫР

Сөзү, обону: Т.Казаков

Жамгыр төктү эч басылбай,

Биз келаттык көл-шал болуп.

Жол кароого көз ачылбай,

Бет алдыдан шамал согуп.

Кайырма:

Күн күркүрөп, жамгыр төктү

Ошол күндөр кайда кетти?

Жаштыгымдай же кечээги

Кайрылбай кетеби?

Жамгыр төктү, эске түштүң

Алыс калган жаштыгымдай.

Сагынтасың жүрөктү ээзип,

Колдон учкан ак кушумдай.

Жылдар учат канаттуудай,

Жамгыр төгөт эч басылбай.

Жамгырларда эскеребиз,

Алгач сүйүү унутулбай

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *