Төө көрдүңбү жок, бээ көрдүнбү жок, а ракета жоготтум көргөн жоксуңбу?

   Мезгил

Казакстандын “Сарышаган” полигонунда ракеталык жана артилериялык күчтөрдүн биргелешкен окуу-машыгуусу болуп өткөн. Буга Кыргызстандын Аба-коргоо күчтөрүнүн аскер кызматкерлери барып катышып келишкен. Сарышаганга кыргыз аскерлеринин зениттик-ракеталык бригадасы С-125 жана С-75 үлгүсүндөгү 8 даана зениттик-ракеталык курал алпарышкан экен.

Машыгуу учурунда кыргызстандыктар 8 ракетанын 5өөсүн асманга атышкан. Ал эми “Атылбай калган 3өө өлкөбүзгө кайтарылып келинген эмес. Булар белгисиз себептер менен жолдо жоголуп кеткен. Учурда бул тууралуу аскер-прокуратурасы текшерүү жүргүзүп жатыптыр” деген маалымат ЖМК аркылуу чагылгандай тарап кетти.

Ошол эле кезде Башкы штабдан “Бул жалган маалымат. Окуу-машыгуулардын учурунда бир нече ок-дары жараксыз деп табылгандыктан ошол жерде жок кылынган. Бул тууралуу түзүлгөн акты бар” деген жооп таратылды.

Иши кылса тынчтык эле болсунчу. Журналисттердин башын айлантып, чуулгандуу маалыматка жем таштаган Башкы штабдын ичинде жойлоп жүргөн “келемиштер” көп окшойт ээ.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *