Төрөт өмүр менен өлүмдүн ортосунда

Мезгил
Акыркы жылдары Кыргызстанда медицинанын алсыздыгы, ооруканалардын абалы, тажрыйбалуу жана билимдүү дарыгерлердин жетишсиздиги, алыскы аймактарда жашаган кош бойлуу айымдардын керектүү маалыматтарга муктаждыгы, ж.б. улам төрөт учурунда каза тапкан жаш энелердин саны көбөйүүдө.

Өлүмдүн себептери: 

Кош бойлуу айымдардын өлүмүн акушер-гинекологдор бир нече себептер менен байланыштырышат. Мисалы: Биринчи кезекте кош бойлуу учурунда туура эмес тамактануу, эт, сүт, жумуртка жана башка пайдалуу азыктардын аз колдонулушу жана керектүү витаминдердин жетишсиздиги. Туура эмес тамактануу анемияга, кан басымдын жогорулашына, шишиктердин пайда болушуна алып келет. Мындай ооруларга көпчүлүк учурда алыскы райондо жашаган аялдар чалдыгышат. Алардын көпчүлүгү акушер-гинекологдун көзөмөлүнөн өтө алышпайт. Алардын бир айда бир жолу дарыгерге көрүнүп турууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Айылдагы мед.пунктардын абалы талапка жооп бербейт. Айыл жергесиндеги кош бойлуу айымдар кандай учурда гинекологго барыш керек экендиги боюнча маалыматы дагы жок

Төрөттөн каза болгондордун саны: 

2008-жылдан 2017-жылга чейин өлкөдө жалпы жонунан 702 кош бойлуу аял каза болгон. 2015-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу энелердин өлүмү 100000 тирүү төрөгөндөргө карата 3805ти түзгөн. Бирок 2016-жылдан тартып бул сан өйдө-төмөн болуп отуруп, 2017-жылы кайра 0,9 пайызга көбөйгөн. 2009-жылы Кыргызстан боюнча төрөттөн 109 аял каза таап, акыркы он жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.

Төрөттөн кайсы облустарда аялдар көп көз жумган

Акыркы он жыл ичинде Ош облусунда 168 аял төрөттөн каза болсо, Жалал-Абадда 132 аял бул дүйнө менен кош айтышкан. Чүй облусунда 100 аял, Баткен аймагында 78 келин төрөт учурунда көз жумган. Ысык-Көлдө ымыркайын жарык дүйнөгө алып келем деп 68 эне жан берген. Бишкек шаарында бул сан 54тү түзөт. Нарын облусунда 46 келин, Ош шаарында 33 аял төрөттөн каза болсо, алыскы Баткенде башкаларга салыштырмалуу мындай аянычтуу окуялар аз катталат. Ал жакта акыркы 10 жылда 21 аял каза болгон.

Тажрыйбалуу дарыгерлер жетишсиз

Совет мезгилинде дарыгерлерди атайын бир нече баскычтардан турган окууларга жиберип, алардын арасынан мыктыларды гана тандап алышчу. Ал эми ооруканаларда10-15 жылдык иш тажрыйбасы бар дарыгерлер иштешчү.

Учурда мындай көрүнүштү байкоого болбойт. Гинекологдор, акушерлер, жаш балдар дарыгерлери жетишсиз, алыскы аймактарда дарыгерлер дээрлик жокко эсе. Ал эми неотологдор Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө 70% жетишсиз. Ошентсе да, учурда Кыргызстандагы гинеколог-акушерлер эне жана балдарды коргоо маселесинин тегерегинде өткөрүлгөн эл аралык илим-тажрыйбалык конференцияларга катышып, башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашып турушат. Мындай окутуулар медицинада чоң роль ойнойт, гинекологдордун билимин жогорулатууга жол ачылат.

Өлүм…биринчи...

“Кыргызстан КМШ өлкөлөрү ичинде жаш энелердин өлүмү боюнча алдынкы орунду ээлейт”. Мындай маалымат Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан даярдалган докладда айтылган. Мунун бирден бир себеби болуп, кош бойлуу айымдарга медициналык кызматтын начар көрсөтүлүшү, оорулууларга жетиштүү кам көрүү эмес, кадрлардын жетишсиздиги, материалдык жана техникалык базанын төмөндүгү.

Жаш энелердин өлүмүн медициналык көйгөйлөрдөн тышкары социалдык аспектерди да эске алуу керек деп эсептешет Саламаттыкты сактоо министрлигин кызматкерлери. Кош бойлуу айымдардын туура эмес тамактануусу, өзүнүн ден соолугуна кайдыгер мамиле жасоосу, оор жумуштарды аткаруу, экономикалык кыйынчылыктар, төрөткө чейин бир да жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтпөөсү бирден бир мисал боло алат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *