Мезгил
Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан грамматикалык каталар менен кат жазган кеңешчи Алмазбек Сабырбеков кызматтан кетирилди.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Ал өз ишине жоопкерчилик менен карачу.Учурда териштирүү уланууда,
Эске салсак, интернетте спикер Дастанбек Жумабековдун атынан жазылган кат тараган.
Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдонуп, элементардык грамматикалык каталар байкалган.
Кийин Жогорку Кеңеш кат жасалма эмес, түп нуска экенин, бирок төрага иштин көптүгүнөн аны өзү түзбөгөнүн жана текшербей эле кол коюп койгонун билдиришкен.