Түрк элчисинин «күнү караңгылап» баратабы?

Мезгил

Жеңгиз Кемал Фырат деген Түркиянын Кыргызстанга жиберген бакандай болгон элчиси бар. Бул элчи бизге элчи эле болуп келбестен, эки өлкөнүн боордоштук, достук мамилесин ыңгайга жараша пайдалана билген «саясатчы» да болуп жүрөт. Жаман үйдү коногу бийлейт деген чын белем? Түрк элчиси ФЁТОчу деген айыпты Кыргызстандын бир топ жарандарына жана түрк капиталына негизделген деген бир нече ишканаларга чаптап келет.

Бул элчи улут сыймыгы болгон жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун атына көлөкө түшүргөн кептерди да айтып жүрөт дешет. Ал эми анын уулу Аскар Айтматовду баягы эле ФЁТОчулардын катарына кошуп айыптап чыккан. ТИМде мурда министр болуп турган Аскар Айтматов муну жалаа катары баалап, Жеңгиз Кемал Фыраттан моралдык чыгым катары 35 млн 21 миң сом айып пул өндүрүү ниетинде турат. Бул каражат өндүрүлө турган болсо Таластын Шекеринде курулуп жаткан улуу жазуучубуздун «Чыңгыз Ордо» комплексинин курулушуна жумшала тургандыгын журналист Нарын Айып билдирип чыккан. «Түрк элчиси аталган сумманы мурдагы министрге бир айдын ичинде төлөп бериши керек, а кокус төлөөдөн баш тартса анда сотко берет» деген маалымат бизди бир аз таң калтырып турат. «Эске салсак, Жеңгиз Кемал Фырат Аскар Айтматовду ФЁТО уюмунун мүчөсү деп коомчулукка жарыялаган. А Аскар Айтматов өз кезегинде бул билдирүүнү куру жалаа катары баалаган», – деп жазат sayasat.kg. сайты.

Аскар Айтматовдун сотко кайрылбай туруп, анын чечимин күтпөй туруп доо доолаганы дипломатиялык этикага, адамгерчиликке, мыйзамга канчалык туура келер экен? Анан да доо акча өндүрүлө элек туруп, аны жумшай турган дарегин айтып койгондугу да бир аз осолдук эмеспи? Деги дипломатиялык дарамети тайкы түрк элчиси өз жолу менен болсун. Ал кетсе, дагы бир элчи келери бышык. Бирок, боордош түрк эли менен болгон достук мамилебизге жарака кетпейби? Бизге берген жардамдарды Түркия мамлекети берип жатат да, түрк элчиси чөнтөгүнөн 35 миллион доллардык мечит салып берген жок го.

Элчинин «шиши толуп», чектен ашып кеткендиги боюнча буга чейин бир топ эле маселе көтөрүлгөн. Ороктогу окуяга аралашам деп ТИМден «эскертүү катын» да алганга жетишкен. Ооз ачарда «Гүленчилер менен бир дасторкондо олтурбаймын» деп чыр салып, муфтий Максат ажыны бир топ уят кылган. Анан да «35 миллионго мечит салып бергенбиз» деп догурунуп, кыргыз элинин намысына бир топ шек келтирген. «Сапат» мектептеринин Түркиялык мамлекеттик фонд «Маарифке» өткөрүп бергиле деп «маарап» келет. Иши кылса Түркияда төңкөрүш жасаймын деп максаты ишке ашпай калган Гүлен чалдын изин Кыргызстандан тажабай издеп келген чуу куйрук элчи болду, бул – Жеңгиз Кемал Фырат. Ал тургай бийлик башындагыларга, депутат, укук коргоо органдарынын лөктөрүнө байма-бай каттап, иши кылса кыргыздын ичинен түрк душмандарын таба албай убара. Ал тургай элчинин бул аракеттерин ишке ашырууга Түркиядагы мекенчил партиялардан миллиондогон доллар акча келип турат деген да маалыматтарды угуп калабыз. Муну териштирүү жагы келечектин ишидир.

Иши кылса саясий түшүнүгү нөл, Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабаган, эшигибизди аттап, төрүбүзгө ылай буту менен басып өтүп, «өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төрүңө илем» деген дипломатиялык түшүнүгү тайкы түрк элчиси Жеңгиз Кемал Фыраттын Кыргызстанда тийип турган «күнү караңгылап», сапары карып, элине кетчү убагы деле жакындап калды сыяктанат.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *