Түрк президенти Кыргызстанга доллардан баш тартып, лира менен эсеп жүргүзүүнү сунуштады

Мезгил. 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга товар алмаштырууну түрк мамлекетинин улуттук валютасы лира менен жүргүзүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумунда айтты.

Түрк президентинин айтымында, АКШ доллары Түркиянын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Ага байланыштуу бул өлкө соода жаатындагы Кытай, Россия өңдүү ири өнөктөштөрү менен эсептөөлөрдү лира менен жүргүзүүгө өтүүгө ниеттенип жатышат.

Кыргызстандын президенти доллардан баш тартуу боюнча так пикирин билдирбеди. Ал Кыргызстандын эгемен жылдарында түрк капиталынын катышуусу менен жүздөгөн долбоорлор ишке ашканын белгиледи.

Жээнбековдун айтымында, учурда Кыргызстанда 600дөн ашуун кыргыз-түрк ишканалар иштеп жатат. 1995-жылдан тартып Түркиядан Кыргызстанга 500 миллион доллардай түз инвестиция келген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *