Түркия: Анкара шаарында Манастын эстелиги орнотулат

Мезгил

Түркиянын Анкара шаарында Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой,  Анкаранын эң ири району Кечиөрен муниципалитетинин алдына Манастын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан.

 Кечиөрен муниципалитети айкел тургузула турган жерди даярдап, айкелдин постаментин жасоо милдетин алган. Ал эми айкелдин өзү Бишкекте кыргыз тараптан жасалат.

Айкелди жасоо үчүн Түркиядагы кыргыз диаспорасы арасында акча чогултулганы маалымдалат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *