Мезгил
Түркия өз ооруканаларында дарылануу үчүн кыргызстандыктарга бөлгөн квоталарды көбөйттү.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалым болгндой, жылына берилүүчү 100 орун 150гө чейин кеңейтилди.
Эске салсак, Түркия макулдашуу боюнча кыргызстандыктарды өзүнүн клиникаларында 2015-жылдан бери кабыл алат.
Дарылануудан тышкары, жол кире, тамактануу жана башка чыгымдарды бейтаптар өзү төлөйт.
Булак: Мезги Ньюс