Түркияда каза болгон КР жаранынын туугандары менен Башкы консул жолукту

Мезгил

Кечээ 10-июлда Түркиянын Аланья шаарында киши колду  болгон  КРнын жараны  23 жаштагы М.Иманалиевдин  жубайы жана туугандары менен  башкы консул Эркин Сопоков жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Жолуугуда ал, бул иш Башкы консул тарабынан көзөмөлгө алынгандыгын айтты.

Андан кийин Башкы консул Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, бул окуяны калыс жана эртерээк карап чыгууну  өтүндү. Ошондой эле Сопоков маркум Иманалиев иштеген “Long Beach Hotels” мейманканасынын жетекчиси менен жолукту. Сүйлөшүлөрдүн жыйынтыгында маркум иштеген компания Антальядан Стамбулга чейинки жол кирени жана төлөп беришет турган болду.

Эске салсак, 7-июлда маркум М. Иманалиев аттуу жаранды  белгисиз киши тапанча менен атып кеткени маалым болгон. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып бирок Түркиянын тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, эки киши айтышып мушташа кетишип, андан соң тапанча менен ок атылган. Маркум Иманалиевдин сөөгү Кыргызстанга Анталья — Стамбул — Бишкек каттамы боюнча жөнөтүлөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *