Мезгил
Түркия дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз логотибин колдонот. Бул тууралуу катчылык билдирди.
Маалым болгондой, оюндардын эн белгиси Кыргызстанга таандык интеллектуалдык менчиги болгондуктан, Түркия аны уруксат кагаздын негизинде колдонот.
Ал эми биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, үчүнчү оюндарды уюштурган топ төртүнчү оюндарды да уюштурууга катыша тургандыгын кошумчалады. Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк төртүнчү оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.
Булак: Мезгил Ньюс