Түркияда учак үчкө бөлүнүп кетти

    Мезгил

Түркиялда учак  кулап  үчкө бөлүнүп кетти

Pegasus авиакомпаниясына таандык болгон  учак Стамбулдун Сабихи Гёкчен аэропортуна каттуу ылдамдыкта келип конгон.

 Видеодон катуу ылдамдыкта бара жаткан лайнердин учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, кулаганын көрүүгө болот.

Измир — Стамбул каттамы боюнча келе жаткан учак үчкө бөлүнүп кеткен.  Маалыматка  караганда, үч киши каза таап, 179 адам жаракат алды.  

Жалпысынан  бортто 183 адам болгон.   177си жүргүнчү, алтоо экипаждын мүчөсү болгон. Алдын ала айтылган божомолдор боюнча, кырсыкка аба ырайынын бузулушу себеп болгон.

Мындан сырткары, Түркияда дагы бир кырсык катталды.  

 Түркиянын чыгыш бөлүгүндөгү Ван аймагындагы Бахчесарай районунда кар көчкүдөн 33 адам каза тапты.

5-февраль күнү биринчи кар көчкү болуп андан 5 адам каза тапкан.  Кырсыктан 6адам куткарылып, 2 адам дайынсыз жоголгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *