Түркмөнстан: Бердымухамедов 40 жаштан өткөн чиновниктерге ак чач менен жүрүүгө милдеттендирди

Мезгил

Түркмөнстандын Лебап регионунда 40 жаштан өткөн  чиновниктерге ак чач менен жүрүү милдеттендирилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

 Мындай кадам менен мамлекеттик кызматкерлер 2018-жылдан бери чачын ак аралаган президент Гурбангулы Бердымухамедовго окшошушу керек.

Баардык мекемелерде мектептерде, саламаттыкты сактоо жайларындагы жумушчулар, чачтарынын түптөрүн көрсөтбөй боёп, табигый өңгө келтиришет.  Анын айтуусу боюнча,  мындай талап 1 февралда каоюлган.

Мекеменин жетекчисинин айтымында эгер Лебап аймагына президент келип кала турган болсо, президент менен жолугушууга “ак чачтуу” эле адамдар киргизилет.

Белгилей кетсек, мурун мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жумушчулардын чачтарын түбүн жашырып боёгонду талап кылышкан. Буга чейин белгилүү болгондой президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн чачын кара түскө боёгон. Кайрадан 2018-жылы президент элдин алдына ак түстүү чачы менен чыккан.

Ал эми өткөн жылы январь айында Түркмөнстандын президенти өзүнүн стилин өзгөртүп,   мамлекеттик мекемелерде, жогорку жана орто окуу жайларында президенттин портретин алмаштырышкан.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *