Түркменстан: Мугалимдер жашыл түстөгү окшош калемсап колдонууга милдеттендирилди

 Мезгил

Түркмөнстанда мугалимдер окшош окуу куралдарын колдонууга милдеттендирилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Бир катар мектептердин мугалимдеринен түркмөн шырдагынын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жашыл түстөгү беш калемсап жана блокнот сатып алуу талап кылынууда. Мындай калемсаптардын ар бири 45 манаттан, блокноттор 50 манатан сатылат, — деп билдирди кабарчы. Түркмөнстанда расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

 Белгилеп кетсек, буга чейин Түркмөнстанда эркек мугалимдер окшош такыя, аялдар улуттук көйнөктөрдү кийип жүрүүгө милдеттендирилген.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *