Түрмөдө жатып ЖКнын депутатына, мамлекеттик органдарга жана башкаларга телефон чалган кылмышкер кармалды

Мезгил

Түрмөдө жаткан соттолуучу Президенттик администрациянын атынан ЖКнын депутатына, СДПКнын пресс-катчысына жана министрликтерге, мамлекеттик органдарга телефон чалган кылмышкер аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдамчылык менен соттолуп, №1 түрмөдө жазасын өтөп жаткан Темир Калмырзаев өзү менен кошо түрмөдө отурган Талгат Игисиновдун телефону менен бир топ кызмат адамдарына президенттик аппараттын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып, коомубуздагы акыркы окуяларга карата ар кандай жалган маалыматтарды тараткан.

Темир Калмырзаев ЖКнын депутаты А.Кодурановага Президенттик администрациянын жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып камакта жаткан мурдагы президент А.Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүү тууралуу убада берип, ал-ахыбалын сураган.

Мындан сырткары, КСДПнын пресс-катчысы К.Жолдубаевага да телефон чалып, анын да абалын сурап Кой-Таштагы болгон окуялар тууралуу толук маалымат алган.

Ошондой эле ЖКнын мурдагы депутаты Г.Молдобековага, Транспорт министрлигинин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу жетекчи кызматына, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып алардын иштеп жаткан иштерин тактап, алыдыда эмне иштер аткарылат, кандай иштер пландалып жатканын сурап, баарынан маалымат алып турган.

Учурда Темир Калмырзаев  менен Талгат Игисинов түрмөдө жазасын өтөп жаткандар үчүн өзүнчө түрмөгө камакка алынып, аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүүдө.

Эгерде кимде-ким ушундай алдамчылыкка дуушар болсо ИИМдин криминалдык милициясына 0-312 26-62-61, кайрылыңыздар.

Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *