Төрт сөздү төрт ката менен жазган Кайрат Нуртас сынга кабылды

   Мезгил

  Казакстандын мега жылдызы  Кайрат Нуртас көпчүлүктүн сынына кабылды. Бул жолу интернет  колдонуучулар атактуу ырчыны ката менен жазылган пикирин көрүп, аны катуу талкууга алышкан.   

 Өнөр ээси кесиптеши Төрөгали Төралинин инстаграмга жарыялаган сүрөтүнө пикир калтырган. Анда Кайрат Нуртас төрт сөздү төрт ката менен жазган.

 

“Этен кетп баатым тукистанга”, – деп жазган ал.   

Бул интернет колдонуучулардын кыжырын келтирип ага карата  сындарды жаадырышкан.

 “Кайсы тилде жаздың”, Ката кылып не кылып жазгансың? Түшүнүксүз”, Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн. “Сени кезинде депутаттыкка ылайык” деп жүрсөк”, “Апасынын бай баласы” ушул сындуу бир катар сындарды айтышкан.

Белгилей кетсек, Кайрат Нуртас Казакстанда эң атактуу ырчылардын катарына кирет. Ал эки уул, эки кыздын атасы.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *