Түштүк Кореянын премьер-министри Бишкекке келет

   Мезгил

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ен 17-июлда расмий сапары менен Кыргызстанга келет.

Маалымдалгандай, Түштүк Кореянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугары күтүлүүдө.

Өкмөт башчылардын жолугушуусунда эки тарап саламаттыкты сактоо, медицина, электрондук өкмөт, транспорт жана инфратүзүм тармактарында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашмакчы. Андан тышкары,  кыргыз-корей бизнес-форумуна Ли Нак Ендун да катышары айтылды.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *