Табакташтардын талашы

  Мезгил

Ооба, тээ илгертен бери, ой, сөз туура болсун үчүн чейрек кылымдан ашык убакыттан бери дейличи.

Тактап айтканда эгемендүүлүктү колго алганы эл тагдырын чечкен атка минерлердин чыры ар тараптуу жол менен уланып, кашчуусу качып, камалчуусу камалып, достошуп, кайра чырдашып, ырдашып кайра чырдашып кыргыз саясатчыларынын ортосунда эмне деген гана шоулар болуп, элдин ишеними укмуш кетип, аялы, баласы, тууганы, шопуру, бажасы, балдысы деги кимдер гана элди бийлеген жок, чиркин. Ушундай укмуш кулак угуп, көз- көрбөгөн ынтымагы жок билермандардын айынан каар замандар өттү го чиркин, кыргыз калкынын башынан.

Бирок дале болсо чырдан баш кутулбай, ким айтса аныкын туура көрүп, ээрчиме, оомо, өз акылы менен эмес, бирөөнүн сөзүнө кирип, кетирилген каталар менен коштолгон кайран гана отуз жыл текке гана кетти го!

Азыр дагы талаш-тартыш, тапансынган сөзмөрлөрдүн сөзүнө кирип, болгон чындык ачыкка чыкпай, алсыздар гана камалып, алдуулар акчанын күчү менен сот жообуна тарылганы менен кайра эле майлуу кызматтарга келип, деги койчу бир укмуштай окуялар эле кайталанып келе жатат. Ким күнөөлү, албетте иштен кетип, колунан бийлик, капчыгында акчасы калбай калгандар күнөөлөнүп, кайра эле ошол окуяга өзү кабылган өткөөл заман кайталанып эле келе жатат. Бир кезде Акаев, андан соң Бакиев, кийин убактылуу өкмөт, эми минтип экс ажо баарын былгыткан болуп, дале болсо чындык чыркырып жаткан кез. Бирок кыйрата коюбуз деген Жогорку Кеңештин депутаттары жалпысы менен шылдыңга кабылып, саясаттын дагы ишпалдасы чыгып бүттү.

Неси болсо дагы бул чакырыштагы депутаттар түкүрүк мыйзамы баарына себеп болуп, чимкирик атка конуп элдин эсинде калды. Кыскасы, “депутат” деген паразаттуу аттын дагы баркын табакташтардын так талашы  кетирип бүткөнү өкүнүч жаратты. Бирок саясаттын сасык оюнунда мындан дагы жаман окуялар болуп келген жана боло берери да анык.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *