Табышмактуу Мерцбахер көлү

Мезгил

Кыргызстандагы кереметүү көлдөрүнүн бир айланасы мөңгүлөр менен тосулган табышмактуу Мерцбахер көлү, Ал башка көлдөрдөн өзгөчөлүгү жок болуп кайра пайда болуп турушунда. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу  районундагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда орун алган. Ал деңиз деңгээлинен 3304 метр бийикте жайгашкан. Көлдүн орточо тереңдиги 35 метр ал эми эң терең жери 75 метрге чейин жетет. Мерцбахер деп 1903-жылы немис географы Готфрида Мерцбахердин атына коюлган ал биринчилерден болуп суунун жок болуп кайра жаралганына күбө болгон адам.

Бул көл жыл сайын жайында бир же эки жолу жарылып суулар агып жок болуп кайра топтолуп турат. Ошол үчүн жергиликтүү жашоочулар “жоголуп кайра пайда болгон көл” деп атап коюшкан. Мерцбахер көлү өзүнүн уникалдуулугу менен туристерди өзүнө тартып турат. Элдер көлдүн суусу толуп муздары жарылып атылып чыгышы кызыктырат. Көлдүн жогорку жана ылдыйкы жагында эки бассейни бар, жогорку жагын дайым муз каптап турса ылдыйкы тарабы жайында эрип суу Эңилчек дарыясына кошулуп, көлдө 7 суткага чейин суу жок болуп калган учурлар болот.

Ошондой эле, Кыргызстандгы көлдөрдүн ичинен жалгыз Мерцбахердеин үстүндө айсбергдердер суунун үстүндө жайы-кышы калкып жүрөт. Аталган көлгө баруучу жол абдан татаал жана ал жака ат дагы унаада барбайт. Кышында бул жака кар калың жаагандыктан 50-60 градус суукка чейин жетет. Кышында эч ким келе албайт. Жай мезгилинде да бул жердин температурасы  түнкүсүн нөлдөн жогору болбойт.

Суу өзүнүн чегине жеткен учурда музду өйдө көтөрөт да астындагы каналдар аркылуу агып кетет. Мындан улам муздар сынганда жаңырган добуштар жаңырып өзгөчөчөлүк жаратат. Ошондуктан тээ илгери “Дүңгүрөмө көл” деп атап коюшчу экен. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *