Таиландда өткөн Азия биринчилигинде Кыргызстандык балбандар коло медалга ээ болушту

Мезгил

Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия биринчилиги 9-14-июль күндөру болуп өттү.

Анда кыргызстандык бир катар спортчулар күч сынашышты. Алардын бири Икромжон Хажимуратов коло медалга ээ болду.

Хажимуратов 61 килограмм салмак аралыгында күч сынашып, алгачкы кармашында индиялык атаандашын 10:0 эсебинде, кореялык балбанды 12:2 эсебинде, япониялык спортчуну 8:4 эсебинде жеңген. Бирок кийинки таймашта ирандан келген спортчуга 3:6 эсебинде утулуп, коло медилдын ээси болду.

Эске салсак, кыргызстандан барган балбан Мээрим Жуманазарова алтын медалга ээ болсо, Акылбек Талантбеков, Нуржигит Кеңешбек уулу жана Назира Марсбек кызы күмүш байгелери менен кайтышты.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *