Тарп аңдыган жорудай ӨЭУчулар (НПО) жүрөт Кой-Ташта

   Мезгил

Бейөкмөт уюм дегендер бизде жайнайт. Ал эми Россияда алардын иштерине чектөө коюлган. Бизде да аларды кимдер каржылап жатат деген темага бир кезде бир аз кайрылышкандай болгон. Деген менен ит үрө берет, кербен жүрө берет дегендей ӨЭУчулар (НПО) иштерин кайра эле жандандырып келишет. Ал тургай кээ бир учурларда мамлекеттин саясатына каршы келген иштерди жасап жиберип, бийликтин кекиртегине балыктын кылканындай сайылып калган учурлары да жок эмес. Деги эле ӨЭУ дегендин бизге кереги барбы?

Албетте кереги бар. Биринчиден, сырттан келген гранттарга бир нече жарандарыбыз, жумушсуз үйдө олтурган эжекелерибиз жумуш менен камсыз болуп олтурат. Экинчиден, юристмин, элдин таламын коргоп жан багам деген бакан ооздорго табылгыс жумуш болуп олтурат. Үчүнчүдөн, ансыз деле түпкү тегинен бери демократ, эркин, эрктүү болгон элибизди ээликтирип, жарандык коомду чегинен ашыкча өнүктүрүүгө салым кошушту. Төртүнчүдөн, бийликке тиши өтпөгөн, укук коргоо органдарынын туура эмес, мыйзамсыз жасаган иштерине даты бар жарандардын талаптарын канаатандырып келишет, карапайым элге тийгизген пайдасы чоң. Бешинчиден, кыргыз коомчулугун укуктук талаада жашоого үйрөтүп жатышат, муну эч бир бийлик буга чейин жасай алган эмес, элди укугун билүүгө окуткан эмес.

Ал эми терс жагычы? Терс жагы, айрым Бейөкмөт уюмдардын жасаган иштери – биздин мамлекетүүлүгүбүз үчүн жонго урулган бычак экендиги жашыруун эмес. Кыргызстан телчигип, өнүгүп келе жаткан жаш мамлекет. Мыйзамдарыбыз, укуктук базабыз да жаш десек болот. Калкынын саны боюнча да чаканбыз. ӨЭУлар же кандайдыр бир саясий күчтөр Кыргызстандын саясатын деңиздеги шторм сыяктуу чайкап коюшу мүмкүн. Ошондуктан келечекти ойлосок, мамлекетүүлүктү ойлосок бул кычкыл маселеге абайлап мамиле жасаганыбыз оң. Кезегинде Орозбек Опумбаев ӨЭУлар боюнча мыйзам кабыл алыш керек, алардын ишмердүүлүгүн контролдоо керек деген пикирин айтам деп, коомчулуктун сынына кабылган.

Акыркы кызыктуу окуялардын биринде, Кой-Таш боюнча да Өкмөттүк эмес уюмдар тынч жаткан жок. Динара Ошурахунова бир тараптан капшырып кирди. Рита Карасартова деген ИИМ кызматкерлери 2 миң доллардан пара талап кылып жатат, элди бийлик кодулап жатат деп жаза коём деп жаагы жап болду окшойт. Бүгүн болсо укук коргоочу Токтайым Үмөталиева маалымат жыйынын өткөрүп, бирдемкелерди айткандай болду. Ошентип өлкөдөгү ӨЭУчулар баштарын ийинден кылтыйтып, биз барбыз дегенчелик иштерди жасап жатышат. Же булар батыштан алган гранттарын актаганга отчёт даярдап жатышабы?

ӨЭУчулар, укук коргоочулар өз иштерин жакшы билишсе. Кээ бир учурларда алар саясатка одоно аралаша беришет. Эгерде алар саясатчы боломун десе ага тоскоолдук жок. ӨЭУну таштап туруп, биротоло саясатчы болуусу керек. Антпесе эки тоонун чөбүн эңсеген эликке окшоп ачка калышы мүмкүн. Четтен келген гарантка «семирип», Кыргызстандын саясатын чакчалекей түшүрбөшү керек. Маселен ошол эле Рита Карасартова Кой-Таштык аял тууралуу жаап-жашырбай, фото же видео фактылар менен жазганда ИИМден терс пикир угуп, коомчулуктун сынына кабылбас эле. Анын жасаганы укук коргоо органдарына жалаа жаап, бийликти элге жек көргөзүүнү максаттагандай болуп калган. Ансыз деле ИИМдин басма сөз кызматынан мыйзам бузган милиция кызматкери болсо далилдегиле, чара колдонгонго даярбыз деген сөздөр айтылып жатат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *