Тарых: Түрктөрдүн тарыхый тагдырына бурулуш киргизген Кыргызстандагы эки окуя (VI-VIII кк.)

Мезгил

Улуу Көч жараяны

Акыркы эки миң жылдык тарыхта Евразия континентинин саясий өнүгүүсү түрк элдеринин Чыгыштан Батышка карай үч толкун менен жер которгон Улуу Көчүнүн таасиринин астында өнүгүп келген. Батыш илимпоздорунун “Элдердин Улуу Көчү” деп аталган тарыхый окуя жөнүндөгү изилдөөлөрү азыркы дүйнө тарыхынын көз карашы менен алганда жетишсиз жана евроцентристтик теория. Анткени, европа тарыхчылары аны 375-жылы гунндардын остготтор деп аталышкан герман урууларына чабуул коюусунан баштап, 476-жылы Рим империясынын кулашына чейин жеткиришет да, негизинен герман, скандинавия, славян жана башка элдердин Европа мейкиндигине массалык жер которуусу менен түшүндүрүшөт.

Биздин пикирибизче Улуу Көч процессин кеңири жана глобалдуу кароо зарыл. Биринчиден, анын хронологиялык рамкасы V кылымды гана камтыбастан, дээрлик 15 кылымды камтыган узак процесс. Экинчиден, Улуу Көчтү баштоочулар түрки-монгол элдери болуп, процесске алардан башка фарси элдеринин өкүлдөрү, германдар, славяндар жана скандинавиялыктар катышышкан.

Азыркы эгемендүү тарыхнаамада Улуу Талаадагы биздин эрага чейинки III кылымдарда эле башталган байыркы түрктөрдүн ата-бабалары болгон хуннулардын батышка, түштүккө болгон улуу жер которуулары Улуу Көчтүн башаттары болгон жана гунндардын Чыгыш Европага келиши ошол жараяндын уландысы гана. Хуннулардын, андан кийин гунндардын батышка жылуусу V кылымдагы элдердин жер которуусу менен аяктаган. Бул Улуу Көчтүн биринчи толкуну болучу.

VI кылымда түрктөрдүн батышка жылуусу менен Улуу Көчтүн экинчи толкуну башталган. Улуу Талаада түрктөрдүн, кыргыздардын, уйгурлардын, төргөштөрдүн, карлуктардын, карахандардын ири мамлекеттерин түзүп, түрк таасири Ыраакы Чыгыштан Кара-Деңиздин түндүк жээктерине чейин тараган. Селджук жана Осмон түрктөрү Кичи Азияга кирип, байыркы цивилизацияны баштоочулар болгон гректердин жеринде жаңы түрк цивилизациясын орноткон жана дүйнөлүк өнүгүүнү уланткан.

Натыйжада Улуу Көчтүн экинчи толкуну төмөнкүлөргө жетишкен:

а) Борбордук Азияда, Улуу Талаада, түштүк Сибирде түрктөшүү процесси аяктаган;

б) Евразия мейкиндигинин руханий феноменинин бири болгон түрк жазуусу пайда болгон жана анын уникалдуу эстеликтери бизге чейин жетип келди;

в) Биздин замандын VI кылымынан башталган орто кылымдык коомдук-экономикалык мамилелердин татаалданышы менен коштолгон борборазиялык элдердин өнүгүүсү Х-ХII кылымдардын чегинде ошол кездеги дүйнөлүк цивилизациянын эң алдыңкы катарына чыга алган. Түрк, перс, жана араб экономикалык, саясий, социалдык жана руханий жетишкендиктерин өзүнө сиңирип, синкреттик супер этномаданий жамаатты түзгөн Түркстан калкы орто кылымдардагы дүйнөлүк маданияттын жана илимдин Авиценна, Омар Хайям, Беруни, Фараби, Хорезми, Баласагуни, Кашгари, ал-Оши сыяктуу алптарын жараткан;

г) Евроазия континентинин саясий картасы түп тамырынан бери өзгөрүп, ар биринин өздөрүнө тийешелүү уникалдуу чарбалык жана руханий маданияты калыптанган. Улуу Түрк, Кыргыз, Төргөш, Карлук, Уйгур, Карахандар, Авар, Хазар, Булгар, Кыпчак каганаттары, Хорезм, Газневиддер, Сельджук, Осмон мамлекеттери пайда болгон жана өнүккөн.

ХII кылымда болсо Улуу Көчтүн үчүнчү толкуну башталган. Ал монголдордун согушчан жер которуулары менен коштолгон. Бул түркө-монгол элдеринин батышка жылышына байланышкан үчүнчү толкун болжол менен ХIV-ХV кылымдарда гана токтоп, Евроазия мейкиндигиндеги элдердин жана өлкөлөрдүн азыркы этносаясий жайгашышы биротоло аяктаган.

Эки миң жыл бою тынымсыз улантылган жер которуулар ар дайым Алтай тоолорунан башталып, Европанын аймагына чейин жетип турган жана анын натыйжасында Рим империясы кулап, антикалык доор орто кылымдык доор менен алмашкан. Улуу Көч процесси камтыган жерлерде түрк элдеринин көчмөн цивилизациясы өзүнүн саясий, аскерий, экономикалык жана маданий улуу жетишкендиктерин жайылткан. Жаңы элдер калыптанып, мамлекеттер түзүлгөн. Синкреттүү маданият өнүгүп, Чыгыш менен Батыштын ортосунда тарыхый көпүрө түзүлгөн.

Демек “Улуу Көч” деп аталган бул тарыхый жараян азыркы дүйнө тарых наамасындагы бирден-бир олуттуу тарыхый маселе болуп саналат жана анын натыйжасында Евразия континентинин саясий картасы түп тамырынан бери өзгөрүлүп, геосаясаттык кайра түзүүлөр калыптанган. Мунун өзү түрк элдери бүткүл евразия континентинин азыркы геосаясаттык картасынын түзүлүшүнүн башатында турган дегенди түшүндүрөт.

Түрк элдеринин Батышка жер которуусуна байланышкан Улуу Көчтүн экинчи толкунунун мезгилинде VI-VIII кылымдарда Кыргызстанда түрк элдеринин тарыхый тагдырына зор бурулуш жасаган эки ири геосаясаттык окуя болуп өткөн.

Түрк элдеринин дүйнөлүк аренага чыгуусун камсыз кылган алгачкы окуя

Бул окуя Кыргызстандын аймактарында жайгашкан түрктөрдүн Евразия континенталдык геосаясаттык “Чоң оюнунда” тарыхый жеңишке жетүүсүнө байланыштуу эле. Ал доордо Евразияда үч зор мамлекет: Кытай, Сасаниддик Иран жана Улуу Византия геосаясаттык негизги оюнчулар болуп, эл аралык мамилелердин мерчемдүү маселеси Чыгыш менен Батышты байланыштырып турган экономикалык артерия – Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөө. Бул соода артериясы кимдин колунда болсо, ал Евразиянын тагдырын чечүүчү фактор болмок. Истеми каган муну таасын түшүнүп, ошол кылымдын 60-жылдарында тагдыр чеччү бул маселеге активдүү киришкен.

Маселени сүрөттөдөн мурун алгач түрктөр жана Түрк каганаты жөнүндө кыскача кеп салалы.

Түрк каганатынын түзүлүшү жана анын дүйнөлүк тарыхый аренага чыгышы

Биздин замандын VI кылымынын орто ченинде Улуу Талаанын чок ортосунда дүйнө тарыхынына жаңы Түрк кагандыгы атырылып чыга келген. Түрктөрдүн түпкү ата-бабасы байыркы хуннулардан тараган. Хуннуларды 155-жылы монгол тилдүү сяньбилердин легендарлуу Таншихайы талкалагандан кийин, алар төрт бутакка бөлүнүп кеткендиги жөнүндө тарыхта маалым.

Хуннулардын бир бөлүгү сяньбилерге кошулуп, экинчилери Кытайга кирип кетет. Үчүнчүлөрү Тарбагатай тоолорунун койнуна жана Кара-Иртыш өзөнүнө жашынып, акырындык менен Туран ойдуңуна (Орто Азия) жылат. Ал эми “азоолор” деп аталган төртүнчүлөрү согуш менен чегинип олтуруп, 158-жылы Эдил боюна (Волга) жеткен. Кийин алар европада “гунндар” деген ат менен белгилүү.

Кытайга кирип кеткен хуннулар II-V кылымдар ичи ал жерде бир нече чакан мамлекет түзүп, айрымдары кытайлашып кеткен. Ошол чакан хунну мамлекеттеринин бири Кытайдын түндүк-батыш жагында, Хуанхе дарыясынын башаттарына жакын аймакта жайгашкан Хэси аттуу эгинчиликке ыңгайлуу өрөөндө Хэси деген мамлекет курушкан. Анын негиздөөчүсү хунн ханзаадаларынын бири Мэн Сунь болучу.

Ал “цзгойкгой” титулу менен жаңы чакан мамлекет негиздеп, өзүнүн ашкере согушчан жана каармандыгы менен гана эмес, илим-билимге жакындыгы менен да айырмаланган адам болгон. Хэсинин борбор шаары Лянчжоу маданияттын өсүшү боюнча Түштүк Кытайдын борбору Цзянькан (Нанкин) шаары менен атаандашып тургандыгы маалым.

304-439-жылдар кытайдын салттуу тарыхнаамасында “он алты варвардык, жети түндүк уруулардын доору” деп аталат. Ал доордо бирдиктүү Кытай империясы болгон эмес. IV кылымдын ичинде жана V кылымдын башында “он алты” эмес, “он тогуз” варвардык династия өтүп, анын сегизи монгол тилдүү сяньби урууларына таандык эле. Кытайда нагыз кытай эли саны боюнча көп болгону менен аларга сяньби уруулары үстөмдүк кылган. Сяньбилер үч бөлүккө бөлүнгөн. Бири “муюндар” деп аталып, алар Ляодунь булуңунун атрабында жайгашкан. “Туюйхундар” же “ мужундар” деп аталышкан экинчилери Тибетке жакын Куэньлунь кырка тоосунун түндүгүрөөгүндө Лоб-Нор менен Куку-Нор көлдөрүнүн аралыгына отурукташкан.

Үчүнчүлөрү “табгачтар” (сяньбилердин “тоба” уруусунун бирикмеси) Кытайдын түндүк аймактарын ээлеп, V кылымдын орто ченинде Тоба-Вэй (Түндүк Вэй) династиясын негиздеген. Тоба Тао аттуу табгачтардын башчысынын тушунда 424-431-жылдары табгачтар Хуанхэ дарясынын бассейнин толук ээлеп, Түндүк Кытайда жаңы империя түзгөн жана ал окуялар монголдордун Кытайды ээлешинин башталышы катары белгилүү. Табгачтар бул 25 млн.калкы бар жаңы империянын 20 гана пайызын түзсө да өлкөнүн тагдырын чечип турган. Атчан армия да негизинен табгачтардын көчмөн салтына ылайык куралган эле.

439-жылы жогор жакта эскерилген хуннулардын Хэси мамлекетинин борбору Ганьчжоу шаарына табгачтар капысынан кирип келишип, мамлекетти таптакыр талкалап таштаган. Талкалангандан калган айрым топтор Турфан түздүгүнүн түндүк-батыш жагында жайгашкан Гаочан тоолоруна карай качып, андан ары Алтайга кирип, ал жерден табылган эзелки темир кенин иштетүү менен алектенишкен. Булар кадимки байыркы хуннулардын “ашина” аттуу уругунун бир тукуму болгон. Ашиналардын жанында теле (төөлөс) уруусунун да айрым урукттары темир ээритип, андан курал-жарак жасоо иши менен шүгүрлөнүшкөн. Так ошол жерде ашиналар биринчи жолу “түркүт” же “тюкю” деген этнонимди кабылдашкандыгы ири чыгыш таануучулар тарабынан эчак эле тастыкталган. Булактардын бири Ашина деген түбү хунну бир чыгаан инсан Хэси талкалангандан качып чыккан хуннулардын 500 түтүнүн ээрчитип, түндүктөгү жужандардын каганынан Алтайда туруктоону суранган имиш. Алардан кийин “түркүттөр” же “түрктөр” деген этнос калыптанган экен.

Жүз жыл чамасындагы өнүгүүдөн кийин түрктөр биригип, жаңы күчтүү этнос катары тарыхый аренага келишкен. Бирок, алардын алгачкы кагандары жөнүндө маалымат жок. Бирок, алардын темирди иштетүү өнөрүнүн мыктылыгы, анын натыйжасында темирден соот-чопкут, курал-жарак жасай алгандыгы тарыхый ири жеңиш эле. Тез арада эле алардын ыраттуу эреже менен машыккан жакшы куралданган атчан кошуундары жөнүндө Улуу Талаада аңыз кептер тарай баштаган болучу.

540-жылдарда түрктөрдүн башында турган тарыхый инсандардан Бумын, кай бир булактарда Тумынь каган тарыхта белгилүү болгон. 585-жыл деп катталган Түрк каганатынын каганы Шаболионын Кытай императоруна жазган бир катында: “Көк түрк элин жараткан мезгилден бери 50 жыл өттү…” деген жазуусу сакталып калган. Демек, түркүттөрдүн тарыхый аренага чыгышын VI кылымдын 30-жылдарынын ортосу деп саноого негиз бар.

Ошол доорлордо, башкача айтканда биздин эранын VI кылымынын 30-жылдарында эки күчтүү империяга бөлүнүп жашап жаткан Кытайдын түндүгүндө бүткүл Кытайды бириктирүү үчүн айыгышкан кармаштар жүрүп жаткан болучу. Кытайдын Чыгыш Вэй империясынын башчысы Гао Хуань Улуу Талаанын ошол кездеги кожоюну болуп турган жужандардын ханы Анахуань жана Тогон падышасы Куалүй менен биргеликте ошол эле Кытайдын Батыш Вэй империясына каршы согушуп жаткан. Батыш Вэй империясынын императору Вэнь-Ди түрктөрдүн башчыларынын бири Бумынга Ань Нопаньто аттуу Хэси мамлекетинен чыккан түбү түрк адамды түрктөр менен өнөктөштүк түзүп келүүгө 545-жылы элчиликке жиберген.

Орхон жазууларында кезиккен Бумын аталган бул адам менен Истеминди кай бир чыгыш таануучулар, маселен В.В.Бартольд жана П.М.Мелироанский бир эле инсан катары таанып келишкен. Бирок, түрк жазуулары боюнча адис В.Томсен, Н.Аристов жана Г.Е Грумм-Гржимайло булар эки адам экендигин, атүгүл адар бир туугандар болушкандыгын жана алардын чыныгы аттары иль-хан Туман жана Истемин каган болгондугун негиздүү далилдешкен.

Батыш Вэй империясынын элчисинин түрктөргө келиши, Азия материгинде түрк элдеринин эл аралык мамилелерде таанылышы катары зор жаңылык эле. Муну менен Чыгыштагы зор мамлекеттер, анын ичинде Улуу Кытай державасынын бир бөлүгү түрктөрдүн геосаясий оюнга аралашуусун моюнга алышкандыгы тарыхый жактан расмий окуя болучу. Бумын тез эле бул сунушка макул болуп, Батыш Вэй империясынын бай тактысы Чанъань шаарына кымбат белектер менен жооп элчилик жиберген.

Бул келишим жабык эшик жолу менен болсо да 25 жыл чамалуу убакытта түрктөр менен Кытайдын Батыш бөлүгүнүндө жайгашкан кытайлардын Батыш Вэй империясынын ортосунда бир эле учурда Кытайдын Түндүк-Чыгыш бөлүгүн ээлеп жаткан Бэй-Ци династиясына, ошол эле учурда жужандарга каршы аскерий-саясий өнөктөштүк болуп эсептелген.

Ал мезгилде түрктөр менен батыш тарапта коңшу болуп жашаган көп сандуу теле (төөлөс) уруулары да жужандарга көз каранды болучу. VI кылымдын орто ченинде алардын Жунгар аймагында жашаган тобу көтөрүлүш чыгарып, жакшы уюштурулбаган, баш-аламан телелер жужандардын ордосу жайгашкан Халкага карай жүрүшкө чыгышкан. Телелер Халкага жакын калганда Алтай тоолорунун түштүк коюндарынан “денелерин көк темирге бөлөп, зоот-чопкуттарды кийген, катар тизилген түркүт атчандары” чыгып, теле уруулары капыстан пайда болгон Бумындын аскерине баш ийип берген. Төлөстөр 50 миң түтүн эл болучу. Чыгыш таануучулардын көпчүлүгү бул сан Жунгариядын Байкалга чейин созулуп жаткан талаада жайгашкан төлөс урууларынын бардык саны деп таанышат.

Ушундан кийин түрктөрдүн башчысы Бумын тез аранын ичинде жужандарды талкалоону чечкен. Чыгыш элдеринин согуш иштеринин салты менен ал жужандардын каганы Анахуандын кызын аялдыкка берүүнү өтүнүмүш этет. Эгер андай болсо Улуу Талаанын салты боюнча түркүттөр жужандар менен саясий жактан тең ата болуп калмак. Ошондуктан Анахуань буга макул болгон эмес жана Бумынга “Сен менин темир устам эмес белең. Кантип сен мындай эрдикке бардың?” деген жооп жиберген. Бумынга ушул эле сөз жетиштүү болучу

Кытайдын Батыш Вэй империясы менен болгон өнөктөштүк так ушул жерден кереги тийди. Кытай империясынын бейтараптыгынан пайдаланган Бумын тезинен жужан элчисин өлтүрүп, 551-жылы Батыш Вэй империясынын императору Вэнь-ди менен келишимди кайрадан бекемдейт да кытай каныкеси Чанлеге үйлөнгөн. 552-жылдын кыш мезгилине карабай Бумын жужандарга каршы жүрүшкө чыгып, жужандардын армиясынын таш-талканын чыгарат.

Анахуань ызасына чыдабай өзүнүн жанын өзү кыят. Анын уулу Яньлочен жужандардын өнөктөштөрү болгон Чыгыш Вэй империясына карай качат. Жужандардын үстүнөн жеңишке жеткен Бумын “ильхан (эл каганы)” титулун алып, жаңы Түрк мамлекетин негиздеген жана анын “улуу каганы” деп жарыяланган. Бул 552-жылдын жайы болучу.

552-жылы кеч күздө Бумын өлгөн. Анын мураскери болуп “Кара-Ысык хан” (Коло Исиги хан) титулун алган анын уулу жарыяланган. Кийинки жылы Лайшань тоолорунун этегинде жужандарды экинчи жолу талкалаган Кара-Ысык хан белгисиз себептер менен о дүйнө кетип, анын ордуна Мугань хан титулун алган кичүү иниси Кушу такка олтурган. Ошол кездеги булактардын берген баасы боюнча Мугань-хан “бекем, каардуу, баатыр жана айлакер болуп, согуштан башка эч нерсеге кызыкпаган” инсан болгон. 553-жылдын кеч күзүндө ал жужандарды үчүнчү жолу талкалап, мындан кийин эч баш көтөргүс кылган. 555-жылы түркүттөр менен кыдандардын биргелешкен аскери жужандарды биротоло тарыхтан өчүргөн.

Түрк каганаты мамлекеттик курулуштун эзелки салттары менен жаңы элементтерди колдонууну айкалыштыра алган. Каган мамлекеттин башчысы, ошол эле учурда башкы командачы болгон. Кагандын жакын жардамчылары катары тактынын мураскерлери “тегиндер” жана армиянын кол башчылары “шадылар” аталган.

Түрк каганаты хуннулардын державасы сыяктуу эле “оң” жана “сол” канаттарга бөлүнгөн. Алардын башында “оң канат ябгусу” жана “сол канат ябгусу” аталышкан жогорку чиндеги башкаруучулар болгон. Армия дагы ошондой эки канаттан туруп, “оң канат шады” жана “сол канат шады” титулдары менен башкарылган. Ябгулар (жабгулар) жана шадылар каган тарабынан жакын туугандардын арасынан дайындалган. Түрк кагандыгында 28 кызмат чендери болгондугу мамлекеттин бир топ деңгээлде бюрократташкандыгын көрсөткөн.

Бул жерде тарыхый жактан маанилүү дагы бир тарыхый фактыны эске ала кетүү керек.553 же 554-жылдын башында түрктөрдүн ордосуна Иран мамлекетинен атайын расмий элчилик келген. Демек, Түрк каганаты ошол кездеги Евразия континентинин дагы Кытай менен Виазнтиядан тышкары ири державасынын бири болгон Ирандын түрктөрдү таанып, аларды континенталдык геосаясий саясий алакага кошкондугун белгилөөгө болот. Перстер түрктөрдү менен Орто Азияда үстөмдүк кылып турган Эфталиддер (абдалдар) мамлекетине каршы өнөктөш болууга келишим түзүшкөн. Эфталиддер жужандар менен ыламалаш жана перстер менен сөөк-өчтү душман болучу.

Түрк каганы Мугань хан дароо макул болуп, ысык мамилени бекемдөө үчүн Иран шахы Хосров I Ануширванга Бумындын иниси Истемин кагандын кызын беришет. Бул никеден болочоктогу шахиншах Ормизд IV төрөлгөндүгү тарыхта белгилүү. Ошентип, Түрк каганаты үчүн Орто Азияны ээлөө жана андагы Улуу Жибек Жолунун негизги тармактарына көзөмөлдүк кылуу келечеги ачылган. Бул зор тарыхый мааниси бар окуя болгон жана түрк элдеринин дүйнөлүк аренага кыска мөөнөттө атырылып чыгышын тастыктаган.

Ошентип, VI кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында Түрк каганаты Улуу Талаанын Чыгыш жарымына бүтүндөй кожоюн болуп чыга келген. Түрктөрдүн жардамы менен Батыш Вэй империясы Чыгыш Вэйдин өнөктөшү Тогонь мамлекетинин аскеринин таш-талканын чыгарган. Батыш Вэй империясынын башкаруучулары мындай жеңиштерге шерденип, 557-жылы Батыш Вэй империясында Вэй-Чжоу(557-581) династиясын негиздешкен.

(Уландысы бар)

Автор: тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *