Тарых тактасында: Далдада калган даткайым-Зыйнат датка

Мезгил

Хан ордосун караган Сыйнат (Зыйнат) датка

Сыйнат датка (Зыйнат, Зыяда деп да кездешет тарых булактарында) тууралуу буга чейин учкай болсо да макалалар жазылып, азын-оолак изилдөөлөр болуп келди. Кокон ордосунда, өз заманында бүтүндөй кыргыз журтуна таанымал, датка даражасын алгачкы болуп алган Сыйнат датка тууралуу белгилүү санжырачы Сыргак Сооронкуловдун эл арасынан жыйнаган маалыматтардын негизинде даректүү баянын кагазга түшүрдү. Биз Сыргак абанын көп жылдык иликтөөсүн кубануу менен кабыл алып, окурмандарга сунуш кылууну туура таптык.

Далдада калган даткайым

Эл оозунда атадан-балага өтүп, ата-бабаларыбыздын башынан өткөн окуяларды жоголуп кетүүдөн сактап келе жаткан санжыра улуттук улуу жанр болуп саналганын танбайбыз.

Санжырабызга саресеп салчу болсок, башка улуттарга салыштырмалуу кыргыз элинин кыздарынын арасынан эркектерден калышпаган эр жүрөк аялдар арбын болгон. Бир чети көчмөн турмуштун улуу касиети менен кыз жашынан эле уулдар арасында ат кулагы менен тең ойноп күлүк чапмай, кыз куумай, эрегиште, эңишке түшмөй, улак тартмай, жаа тартмай оюндарына катышкандары аз келгенсип, эл башына күн түшүп, журт козголгон жоокерчиликте жоого беттешип найза сайып, кылыч чапкан баатыр эжелерибизди элибиз жакшы билишет.

Ошолордун катарында бир мезгилде “үч аркар” жылдыздай жанып чыккан Сыйнат даткайым, Курманжан даткайым, хан энеси асылзат Жаркынайым болушкан

Жаркынайым менен Курманжан жөнүндө элибизде көп эле маалыматтар айтылып, жазылып келатат. Макалада замандардын кара булутунун капшабындагы далдада көрүнбөй, айтылбай келаткан, эс-акылы терең эр жүрөк эжебиз Сыйнат даткайым жөнүндө атадан уккан, эске туткан маалыматты бермекчибиз.

Сыйнат датканын ата теги

Адегенде тактай турганыбыз Сыйнаттын түпкү теги, чыккан жайы кайда?! Аксы-Талас жергесинин негизги көпчүлүк калкы Саруу журту болот, сол канатка таандык. Түпкү атасы Куул. Куулдан жалгыз уул Көөбаш, андан Жамаке мерген, Жамакеден Көнөк баатыр. Бул киши Шыгай хандын заманында аскер башы болуп, эл коргогон баатыр болуп, биринчи аялынан Кыркуул, Тубай, Төңтөрт, Тогунай.

Экинчи Ногой ордодон Маңгыт элинен алган аялынан Күркүрөө, үчүнчү аялы Шыгай хандын кызы Кыз Шолпандан Эшим баатыр (Эр Эшим). Саруу журтунун туу ээси болуп жүргөн Тубайдан Тагайберди, Меңди, Мураталы. Тагайбердиден Токтомуш, Жамантай. Жамантайдан Баркы, Жалпактил. Баркыдан Кабай, Жабай, Андабай, Рай. Ана ошол Андабайдан Нияз, андан Бүргө. Бүргөдөн Чот баатыр, Асперди деген эки уул, Калича деген бир кыз.

Чот баатырдан Токтоназар. Ошол Токтоназардын кыздары атагы алыска кеткен Сыйнат, Жаркынай болгон. Кыздардын апасы Акбала – айчырайы төгүлгөн ургаачы, колунан көөрү төгүлгөн уз, динди бекем туткан адептүү үй-бүлөдө тарбияланган, арапча жаза билген, ырчы, кошокчу, темир комузду боздото каккан өз курбалдаштарынын күлпөтү болгон.

Кокон бийлигинин ордо орнотушундагы далай жолку чабыштарда жоокерлердин астында жүргөн Чот нечен жолку өзүнүн эрдигин көрсөтүп, Чот баатыр атыккан. “Чапчаң чапсаң Саруунун Чотундай чап”, – деген ылакап сөз айтылган. Эзелтен Саруу эли Аксы-Таластын жайлоосун, кыштоосун чогуу-чаран жайлап келген. Буга негиз Тубайдын түмөн жылкысын энчиге таратканда Желтийбесте бөлүштүргөн экен. Ал жер Шамалды-Сайдын астында Нарындын оң жээги тарапта жатат чалкайып.

Тарых тактасында: Курманжан датканын көз жашы, өмүрүнүн аягы 

Кечээ журттун бейкутчулугун бузуп, 1643-жылдары тыргоот Очирту Четенхан Таласты басып киргенде, эл жапырт көчө Аксыга капталышкан, Таласта аз эле эл калып, калмактардын кызматында калышкан. Кылым өткөндөн кийин тарыхта оң кырдаал түзүлүп, баатырлар баш болуп калмакты сүрүп Таласты бошоткондо, Саруу элинин жарымы Аксыда калып калган. Бардык элге окшоп Баркынын Андабайынын балдары экиге бөлүнүп калган. Ошол жоокерчилик замандын эл оозуна кирген баатырлардын бири Чот баатыр болгон, бул киши жаш кезинде миңдер тукуму болгон Шорук бийдин баатыр небереси Абдрахман менен кадыр сиңишкен дос болгон. Казак окумуштуусу Чокан Валиханов өзүнүн эмгектеринде “Кокон хандарынын энелик түпкүрлөрү кыргыздын Саруу уруусунан” деп бекер айтпаган.

Алтын бешик санжырасы жана кыргыз байланышы

Чыңгызхандын насилдеринен болгон Жунусхан Кашкардан качып Ферганага келгенде Аксы аймагында аким болуп турган Шеркожо-саруу кызы Исандөөлөттү Жунусханга берген. Инсандөөлөтбегимдин кызы Нигарханум Захреддин Бабырдын энеси болуш тагдырынын ээси. Бабырдын Аксыда төрөлүп, кийин эр жеткенде “Ушул киндик каным тамган Аксыкент шаарына байтакты куруп, кыргыз элин бир өзүнчө мамлекетке жуурулуштурсам” деп күзөчү экен, бирок, ал максатына Индиядан насип этти.

Туулган мекени болгон Аксынын жерине айланчыктап, элине байырлап көнгөн Бабыр энеси Нигарханумдун өтүнүчүн аткарып, анан таякеси болгон, Кыркуул Ибраим дегендин Сейдибак аттуу кызына үйлөнөт.

Ибраим саруу күйөө баласы Бабыр менен ак дилинен кызматташ болуп, Самаркандды басканда кошо жүрүп, баатырлык көрсөткөндүгү үчүн Бек даражасына татыктуу болду. Бабыр чоң атасы Амир Темирдин азыр да сөөгү жаткан улуу ордосу Самарканды шейбанилерге тарттырып жиберип, оомалуу-төкмөлүү тагдырдын тамашасына капшап болуп, Афганистан, Индостан багытына бет алганда кайнатасы Ибраим саруу кошо жүрүп, ата ордуна ата болуп, Бабырдын негизги кеңешчиси болду. Бабыр менен Сейдибак жол азабынан айла-амалдары түгөнүп, жоо колуна түшкөнчө бир ак ниет адам багып алсын деп Алтын бешикке бөлөп, алтын кемерди кыйгачынан бешикке таштап, миңдердин айылына ыраалап кеткен Алтын бешик айбөбөк Ибраим саруунун жээни болгон.

Кийинки кылымдарда Алтын бешиктин насилдеринен Шоорук бий Кокон бийлигин дербиштерден тартып алып, Коженттин үлгүсүндө жергиликтүү бийлик түптөй баштайт. Шоруктан кийин уулу Абдраимге бийлик өттү. Ал дүйнөдөн өткөн соң 1734-жылы иниси Абдыкерим бий болду. Абдыкерим 1750-жылы оорудан кайтыш болду. Артында Бабабек, Абдрахман деген балдары бар эле, ата керези боюнча бийликке Бабабек отурду. Анын бийлиги көп узабады. Абдраимдин баласы Эрдана Бабабектин көзүн тазалады да, бийликти алды. Эрдана бийликке бекем отурду. Тоолук тагалары кубаттап, тышкы, ички карама-каршылыктардан сактап турду. Айрыкча эр Солтоной, Бердике, Кубатбектер зор кубат болушту.

Сарымсак датка – тарыхтын көмүскөсүндө көпкө катылып калган чыгаан датка 

 Баягы эле чагымчылык күчөп кетип, Кубатбек Эрданага нааразы болуп Кашкарга кетип калды. Анын ордуна аскербашы кылып тууганы Абдыкеримдин уулу Абдрахманды колбашчылыкка дайындады. Эки туугандын ынтымагы зор болду. Эрдана тагалары менен да алакасын бекемдешти унутпады.

Андабай балдарынан Чот баатырдын Токтоназардан кичүү Калича деген кызы бар эле, ага кудалашып Абдрахман атасынын көзү тирүүсүндө бой жеткен жигит кезинде кыз тандап, достору менен айылдарды кыдырып Чаткалга барып, ал жерде жашаган Кушчу элинин Сабатар уруусунан эки түтүн чаалыкелердин бир сулуу кызы бар экен, аты Айжан экен, кудалашып, жол-жосуну менен үйлөнөт. Биринчи уулу Нарботону Айжан төрөгөн эле. Абдрахман эки аялдан үч уул, үч кыздуу болуп, бий агасы Эрдананын ишениминде оң колдой кызмат өтөп жүрдү.

Бийлик талаш, ырк бузулуу

Ынтымактары узакка узарбай, такталаштын жөө туманы кайрадан каптап, Алтын бешик тукумунун ыркы бузулду. Иниси агасына алдыртан таарынып, мага тиешелүү иштерди башкалар аркылуу чече баштады, “ордону түптөгөндө атам Абдыкеримдин эмгеги Абдраимдин эмгегинен кем эмес эле го” деген нааразылыкты көрсөтө баштады. Демейде мындай кырдаалды эңсеп турган жандоочулар учкунду жалындатып жиберишти. Бийлердин өз чеңгелин өз бооруна матырып, тукум курут кылмай адаттары башталып кетип, узун кулактар: “Эртең эрте менен Абдрахман тилектештери менен тополоң чыгарат имиш” деген кабарды уга калып, Айжандын өргөөсүндө эс алып жаткан Абдрахманды Айжанга кошуп түн ичинде ордо мыкаачыларынын колу менен мууздатып таштады. Төркү үйдөгү мындай мыкаачылык кичи үйдөгүлөрдүн үрөйүн учурду. Арка-бел болуп аралашып жүргөн санаалаштары, тагалары көңүлдөрү калып, көкүрөктөрү сууп Эрданадан кайт болуп калышты.

Абдрахман менен Айжанга жасалган каргашага байланыштуу Чот баатыр башкаруучулук ишин таштап, Аксыга баса берди. Жигиттерди чогултуп аскер уюштуруп жүргөн Жанболот баатыр жигиттерин ээрчиткен бойдон Таласка кетип калды. Эрдананын аскер башчысы болуп жүрүп Тогуз-Торону кошуп алганда ошол жерге аким болуп калган Токтоназарды атасы Чот Аксыга чакыртып алды. Абдрахмандын уругун үзөт имиш деген сөз чыгып, Нарботону таякелери Чаткалга жашырышты, экинчи уулу Кожо Аксыга качып келип таякелеринин арасында жашынып жүрдү. Ошентип убакыт өтүп жатты, мезгилдер алмашылып жатты.

Тарых тактасында: Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири

Эрдананын татаал бийлиги күчөп, ордо аймагын кыйла кеңейтип, казынасы байып, даңазасы чыга баштады. Эрдананын үч аялынан беш кызы бар эле, мураскерчиликке даярлай турган уул баласы болбогондуктан он тогуз жыл бийлеп, бир кезде өз заарынан качырып жоготкон Абдрахмандын баласы Нарботону Чаткалдан таптырып келип, калың журтту топтоп, улуу урмат менен 1770-жылы кышында өз ордуна такка отургузду. Өздөрүн миңдерге таандык эсебинде алып жүргөн Алтын бешик насилиндеги Абдрахмандын балдары, жакындары жана тагалары менен бирдикте жашынып жүргөн жерлеринен жарк этип чыга келишти.

Нарботонун жанбоору Кожону Аксыдан таятасы Чот баатыр айтамга туугандарынын тобуна коштотуп бий акесине учураштырып келип, ордун куттуктап, саркашка аргымакты күмүш жабдыктатып, жибек үртүк менен жаап келип алдына тартты. Бир туугандар кучакташып көрүшүп, бөксөргөнү толгондой, бүлүнгөнү бүтөлгөндөй болуп бөлүнгөндөр кошулду. Ата-энелерин эскеришип куран окушуп, туулуп-өскөн ата-журту Кокондо баш кошулуп чогулушкандары тагдыр буюрган улуу иш болду.

Кокон ордонун байлыгы, бийлиги, жоопкерчилиги, тагдыры Абдрахмандын балдарынын колуна өттү. Нарбото бий болду, Кожобек бек болду. Кожобек жаралышында чыйрак, кайраттуу, эстүү, адилеттүү, Аксы-Таластын эл башчылары аркылуу ордодо болуп жаткан окуялар менен даректүү, эл башкаруунун жол жоболорун баамдап, кызыккан жигит эле.

Чындыгында Кожобек Нарботого салыштырмалуу мыктыраак экендигин байкаган болсо да, кыйды Эрдана өз ыңгайына карата, келечектеги ар кандай жагдайлардан кооптонуп, Чаткалда жашынып жүргөн Нарботону Чандалаш тоо арасынан таптырып келип, ордо бийлигин өз колу менен тапшырып, көңүлдөрүн тазалады.

 Нарбото Кожобекти колбашчылыкка койду. Эрдана мезгилиндеги Ош, Өзгөн, Алай элдери менен болгон мамилелердеги жаракаларды бүтөштүрүп, ынтымактарын оңдоду. Бирок, анын айрым өз алдынча чечкен жоруктары агасына жакпай калчу эле.

(уландысы)

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *